www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Англиялык тактынын ээси, ханзада Чарльз жана ханыша Елизавета II коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Букингем сарайы расмий түрдө билдирди.

95 жаштагы ханышанын чыйрыгуусу жана дене табынын көтөрүлүшү сыяктуу белгилери бар экени айтылууда. Бирок Елизавета II келерки аптада Виндзор сепилиндеги мандатынын алкагында жеңил милдеттерди аткарууну уланта турганы белгиленген.

Букингем сарайы ханышанын абалы тууралуу билдирүүсүндө: "Ал медициналык дарылоону улантат жана бардык тиешелүү көрсөтмөлөрдү аткарат" деп айтылат.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 6-февралында Англиянын ханышасы Елизавета IIнин тактыга отурганынын 70 жылдыгына карата Букингем сарайында расмий иш-чара өткөн. Королеванын платина юбилейине арналган иш-чаранын негизги бөлүгү жай айларында, 3-5-июнга белгиленген.

Елизавета II британ тарыхында платина мааракесин белгилеген биринчи монарх. Ал 1952-жылы 2-февралда атасы Георгий VI өлгөндөн кийин падышалык тактыга отурган. Жакында анын такта олтурганына 70 жыл толду.

Бехруз Саидов, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости