www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларуста 10-февралда башталган орус аскерлеринин машыгуулары бүгүн, 20-февралда аяктамак. Бирок Батыштын пикиринде, Беларустагы орус аскерлери кайтып келгендин ордуна, алардын саны дагы көбөйдү.

Украина чек арасындагы кырдаал курчуп, коркунучтун деңгээли күчөгөндүктөн Беларусь өз аймагында 30 миңден ашуун орус аскерин калтырууну чечти. Бул тууралуу бүгүн Беларустун Коргоо министрлиги билдирди.

Бул кадамды НАТОнун Батыштагы мүчөлөрү Орусиянын Украинага кол салуу боюнча ырастоолору чындык экенинин далили катары баалап жатышат.

Украинага кол салуу тууралуу маалыматты четке каккан Кремль Беларустун Коргоо министрлиги тараткан билдирүүгө азырынча комментарий бере элек.

Маалым болгондой, кечээ, 19-февралдан 20-февралга караган түнү Украинанын чыгышындагы Донецк (ДХР) облусунан бир нече катуу жардыруулардын үнү угулган.

Украинанын чыгышындагы орусиячыл, өзүн-өзү суверендүү деп жарыялаган аймактардын – таанылбаган Луганск Элдик Республикасы (ЛПР) менен Донецк Элдик Республикасынын (ДХР) лидерлери 18-февралда калкты Орусияга эвакуациялоого буйрук беришти.

Украинадан бөлүнүүгө аракет кылып жаткан эки аймак 17-февралдагы украин аскерлеринин Донбасска чабуулу үчүн Киевди күнөөлөшүүдө. Бирок расмий Киев Украинанын аймагына КЭР менен КЭДР тарабынан 60 жолу ок атылганын айтууда. Чындыгында кээ бир чабуулдар оор артиллерия менен жасалганы кабарланууда.

Бехруз Саидов, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости