www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын борбору Анкара шаарындагы Ички иштер министрлигинин жанынан теракт жасаган жанкечти-террорчулар Сириядан өлкө аймагына моторлуу параплан (мотордуу парашют) менен учуп келишкен. Бул тууралуу Түркиянын ички иштер министри Али Эрликоя билдирди.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 1-октябрында министрликтин имаратынын жанында теракт жасаган террористтер Түркиянын чек арасынан эч кандай жол менен өтүшкөн эмес. Кыязы, алар параплан менен абада учушкан.
«Кылмышкерлер кол салуудан бир күн мурун Кайсари провинциясында унаанын ээсин өлтүрүп, Анкараны көздөй жөнөшкөн. Жергиликтүү тургундар уурулук тууралуу милицияга билдиришкен, бирок унаанын номери унаалардын республикалык маалымат базасынан эмес, облустун аймагында текшерилген. Ошондуктан террористтер Анкарага оңой эле кирип кетишти”,-дейт Али Эрликоя.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-октябрында эртең менен Анкара шаарындагы Түркиянын Ички иштер министрлигинин Коопсуздук башкы башкармалыгында теракт жасоо аракети болгон. Эки киши имаратты көздөй жөнөштү. Алардын бири өзүн жардырса, экинчи террорист атып өлтүрүлгөн.
Андан соң Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөнүн тынчтыгын жана коопсуздугун бузууга аракет кылган террористтер эч качан максаттарына жетпей турганын айтты. Бул теракт үчүн жоопкерчиликти Күртстан жумушчу партиясы террордук уюму өзүнө алды.
Теракттан кийин өлкөдө «Баатырлар» операциясы башталган. Түркиянын коопсуздук күчтөрү кеңири масштабдуу операцияда террорчулукка шектелип 900дөн ашуун адамды камакка алды.
Кийинчерээк Түркиянын Ички иштер министрлиги Анкарадагы Ички иштер министрлигинин имаратынын жанында теракт жасаган жанкечтинин өздүгүн, ал тыюу салынган Күрдистан жумушчу партиясынын (КИП) мүчөсү болуп чыкты.
Булак: NazarNews.kg