www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-октябрга карата аба ырайы

Бүгүн, 13-октябрда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде карга айланат. Тоолуу райондордо кар жааса, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +5…+10;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +4…+9;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +10…+15;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17;

Нарын облусундатүнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16 градус жылыйт.

Бишкек шаарындамезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +8…+10 градус болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости