www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12-октябрда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында кыргыз-россиялык биргелешкен кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россиянын Биринчи Президенти Б.Ельцин атындагы КРСУнун иштөө шарттары жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Россия Федерациясынын Юстиция министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Россия Федерациясынын Юстиция министрлигинин ортосундагы 2023-2024-жылдарга кызматташтык программасы;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Россия Федерациясынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин ортосундагы токой чарбасын өнүктүрүү жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги менен Россия Федерациясынын жаратылыш ресурстары жана экология министрлигинин ортосундагы айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети ортосундагы ниет протоколу;

- Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ортосунда биологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Баса, Кыргызстандагы мыкты кадрларды кызматтан алып, башынан чуу кетпеген Алымкадырдын алым-куйдум сабагы жогорку маанилүү маселеге жетеби же 30 жылдан бери келе жаткан көрүнүш адатка айланабы?

Дегенибиз, кызматка келгени элге уу коргошун ичиребиз деп мазак болсо, кетип тигил тарапка барып келди. Бактына агасы бар экен кайра кызматка келип баарынын таш-талканын чыгарып, мыкты кадрларды кызматтан кетирип жатканы айтылууда.

Кыскасы Шойгу кол койду, Алымкадыр деле. Бул темага кайрадан токтолобуз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости