www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын борбор шаары Анкарада кыргызстандыктардын жаңы жылдык иш-чарасы өттү.

Иш-чараны Анкарада жашаган ишкер айым Айжан Жорупбекова Алыч уюштуруп, бир канча кыргыз ишкер демөөрчүлөр колдоо көрсөтүштү.  Иш-чараны Анкарада окуган магистрант Адилет Абишев алып барды.

Иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим Жунусов менен элчилик кызматкерлери, Түркияда иштеген жана окуган кыргыз жарандары катышты. Элчи Ибрагим Жунусов келе жаткан «Ит» жылынын кыргыз элине жакшылыктарды алып келишин тилеп, жаңы жылдык иш-чарага салтка айланган Элчиликтин белеги болгон бир кишинин Кыргызстанга учак менен барып келүү билетин камсыздап бергенин жана чүчүкулактын чындап эле муктаждыгы болгон бирөөнө чыгышын каалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө ар түрдүү оюн зооктор уюштурулуп, лотереялар ойнотулуп, ырлар ырдалып, бийлер бийленип жатты жана ошондой эле майда балдар ары бери чуркап ойношуп кеченин көркүнө көрк кошуп жатышты.

Кыргызстандан жаңы жылдык иш-чарага  атайын катышканы келген ырчы-комузчу Мээрим Карыпова өз өнөрлөрүн тартуулап элдин жарпын жазды. Аны менен бирге Анкарада окуп, иштеп жүрүшкөн элдик таланттар да өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости