www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тарыхий процесстерден улам Кыргызстанда анклавдар пайда болсо, Кыргызстандын да кошуна мамлекеттерде анклавы бар. Советтик мамлекет 1917-жылдан кийин чеке ара маселелерин чечкенде кайсы улуттун эли көп болсо ошол жерди ошол улутка бөлгөндүктөн анклавдар пайда болгон. Бул көйгөй СССРдин доорунда эле жаралган. Кыргызстан 1936-жылдан баштап союздук республикалардын катарына кирген. Биздин республика ага чейин автономдуу облус катары Орусиянын курамында болгон. СССР түптөлгөндө ар бир республиканын территориялык чектери өздөрүнө бекитилип берилген.

Тажикстанга караштуу Ворух айылы Кыргызстандын аймагынын ичинде жайгашкан. Бул аймакта 40 миңге жакын адам жашайт. Ворухта төмөнкү махаллялар жайгашкан: Сари-Дашт, Тидон, Кучаи-Боло, Сари-Курум, Гузар, Навобод, Кишлок, Майдон, Сари-Канда, Таги-Махалла, Кальача, Точикон Санг-туда. Махаллялар кичинекей бөлүккө бөлүнүшкөн: Тидон — Кучаи-Кози, Кучаи-Шикори, Мугокига; Гузар — Гузар, Кучаи-Кози, Заровон, Кодонго жана башкалар бар. Буга чейин дал ушул анклав чектеш аймакта бир нече жолу чек ара чатагы орун алган.

Эгер Ворухка коридор ачылса, Кыргызстан үчүн жаңы эксклавдын ачылышын шартташы мүмкүн. Тажикстан Ворух анклавына коридор алууга аракет кылып келет. Бирок ага коридор бере албайбыз. Анткени ортодо Аксай деген айылыбыз бар.

Өзбекстан менен болгон талаштуу маселелерге чекит коюлат

Учурда Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чеке аралар такталып бүттү. Кыргызстандын аймагында өзбек калкы жашаган анклавдар бар: Сох, Чоң-Кара-Калча, Шахимардан жана Таш-Дөбө. Эгемендүүлүктү алгандан бери узак жылдардан бери Ташкен Сох анклавына коридор алуу тууралуу маселени коюп келе жатат.

Алсак, 2001-жылы эки мамлекеттин башчылары ал эмес ушул боюнча меморандумга кол коюшкан. Бул меморандум боюнча Кыргызстан Сохко коридор бериш үчүн башка аймактардан жер алуу каралган. Бирок бул маселе да абдан кооптуу, коомчулуктун бул маселеге каршы чыгышы, бул документтерди кайра карап чыгууга мажбур кылган. Анткени, эгер Сохко коридор бере турган болсок Баткен жана Лейлек райондору жана Сүлүктү шаары Өзбекстанга анклав болуп калат.

Эмне кылуу керек? Же анклавдарга коридор бериш керек, же болбосо эки тараптуу маселелерди кайра талкуулап чыгыш керек. Өзбекстан албетте, өз жарандарынын кызыкчылыгын коргойт. Сөз бир-эки киши тууралуу болгон жок, ошондуктан бул маселелер эки тараптуу сүйлөшүүлөр аркылуу чечилип жатат.

Өзбек туугандар ошол союздук республикалардын бири катары өздөрүнө бөлүнгөн жердин байлыктарына ыраазы болуп жашашы керек эле. Совет учурунда өзбектер Кыргызстандын чоң суу сактагыч кура турган жерин көрүп “ушуну биз алсак” деп биздин жерге да көз арта баштайт. Кыргызстандын территориясында Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунан аккан суулардан топтолуп отуруп республикада төртүнчү чоң суубуз Кара дарыя пайда болгон. Эми ошол кара дарыянын жанындагы “Кемпир-Абад” деген жерди алмай болушат. Өзгөн районунун аймагына бул жерде Кыргызстанга тиешелүү суу сактагыч курулмак. Хрущев болсо миңдеген гектар жерди Кыргызстандын ошол учурда жогорку кызматта турган жетекчилери Турдакун Усубалиев менен Ахматбек Сүйүнбаевге айтып Өзбекстанга бердиртип жиберет. Ошондо жер Кыргызстандыкы, ал эми суунун бети Өзбекстандыкы деген шарт менен берилиптир. Эми дүйнөдө мындай келишим дегеле жок экен. Ал эми суу сактагычта 2,5 миллиард куб суу сакталат. Бул бир маселе.

Экинчиси, ошол бийик суу сактагычтан түшкөн суу электр энергиясын берет. Эми биз дүйнөлүк экономикалык мамилеге өттүк. Кыргызстанда бир убакта газ болбой калган. Биз газды Өзбекстандан алчубуз. Каримов бизге дүйнөлүк баа менен алгыла деген. Анан айла жок ал айткан баа менен алып жатсак да, газ бергенди токтотуп салган. Эми биздин суудан чыккан электр энергиясын Өзбекстан дүйнөлүк баа менен алышы керек. Эмесе миң киловатт электр энергиясы төмөнкү баа менен эсептегенде 200 доллар болот экен. Ал жерде 2,5 миллиард куб суудан чыккан бери жагы эле 200-250 миллион долларлык электр энергиясы бекер берилип жатпайбы. Ал аз келгенсип “Суу сактагычтын бети Өзбекстандыкы” деп шылтоолоп биздин өлкөнүн территориясына өзүнүн аскерин киргизип салган. Учурда алар Кыргызстандын жеринде курулган суу сактагычтын үстүндө өздөрүнүн кайыгына отуруп алып, көк чай ичип көңүл ачып жүрүшөт.

1954-жылы Никита Хрущев Орусиянын Крымдагы аймагын өзү билип эле Украинага өткөрүп берип койгон. Бир колхоздун жерин экинчи колхозго бергендей эле. Орусия 1936-жылкы Конституция боюнча өз алдынча суверендүү чоң мамлекет болгон. Ал кезде бул республика союздун курамына өз каалоосу менен кошулган болчу. Путин өз элинин чыныгы патриот адамы болгондуктан Крымды кайрадан Орусиянын карамагына өткөрүп алды. Эч кимден корккон жок.

Керкидан суу сактагычы

Кыргызстандын өкмөтү Өзбекстандын башка жер тилкесине алмаштырылган Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагындагы Керкидан суу сактагычынын жалпы аянты 1041 гектарды түзөт.

Анда белгиленгендей, Кыргыз ССРинин Министрлер советинин 1962-жылдын 29-майындагы, 1964-жылдын 14-сентябрындагы, 1970-жылдын 14-сентябрындагы токтомдору менен Керкидан суу сактагычынын объектилерине Ош облусундагы Араван районундагы чарбалардын 1041 гектар жери берилген. Өзбекстан өз кезегинде Керкидан суу сактагычы каптап калган жердин ордуна кыргыз тарапка 1041 гектар жерди берүүгө тийиш болгон.

1972-жылы Өзбекстан тарап Ош облусунун Араван районуна Фергана облусунун Кува районунан 628 гектар жерди берген. 2017-жылы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча татаал, узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен, Өзбекстан кыргыз тарапка калган 413 гектар жерди кошумча компенсация катары берген. Алар Араван районундагы Полигон тилкесинен (304,3 гектар), Баткен районундагы Кайрак тилкесинен (74 гектар), Аксы районундагы Дерес тилкесинен (35 гектар) жер бөлүнгөн.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы 2017-жылдын 5-сентябрында түзүлгөн «Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө» келишимге «Керкидан суу сактагычы» жана «Полигон» тилкелери жазылган жана кошулган. Өзбекстан менен чек ара маселеси оозеки чечилип калгандай, эми мыйзам түрүндө чечилиш керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости