www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мен жаңы бийликтин чечкиндүүлүгүн жүз пайыз колдойм, бир адамдын кызыкчылыгына байланбай, чындык ачыла турган кез келди”, - деди NazarNews маалымат агенттигине акын Сонунбүбү Кадырова.

- Сонунбүбү эже, экс-президент Роза Отунбаева бир маегинде  “Түштүк коогалаңы боюнча биздин да айта турган сөзүбүз бар. Кара жащиктин оозун ачпагыла деп Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кеңеш берет элем” деген эле. Тогуз толгоо бир келип турган учурда бул окуяга кайрылуунун зарылдыгы барбы?

 - Түштүк коогалаңы жеткиликтүү изилденип, күнөөлүүлөрдүн бети ачылбай калган. Түзүлгөн комиссиялар будамайлап бүтүрүп салышкан. Тагыраагы, элдин көксөөсү суубай калган. Эгер бул окуя так жана таамай ачылса, көп адамдын анык жүзү ачылат. Түштүк коогалаңы эле эмес апрелде 85 баланы кимдер аттырганы да ачыкка чыгат. Бул окуялардын бетин ачуу менен  азыр биз босогосунда турган жаңылануунун дарбазасын чоң ачып, акты ак, караны кара деп таамай айтып бере турган чоң тарыхый бурулуш болот.

- Андай болсо неге Убактылуу Өкмөттүн анабашчылары  бул иштин кайра каралышына каршы чыгып жатышат?

- Эгер буларда күнөө жок болсо мынчалык безилдешмек эмес. Баары жабыла чээндеринен чыгып, баш көтөргөнүнө караганда шектүү иштери бар.

- Бакиевдерди акташ үчүн атайын Түштүк коогалаңын иликтөө жүргүзүп жатат деген маалыматтар айтыла баштады. Мындай имиштерге ишенсек болобу?

- Бул окуя эртеби-кечпи тарыхый баасын жеткиликтүү алып, кимдин ким экенин ачык айтып бере турган күн келет. Элге жасалган карасанатайлык жөн эле кала бербейт. Ошончо көпчүлүктүн бейажал өлгөнү, күлгүндөй жаштардын, кыйналып чыркырап жаны чыккан бейкүнөө жандардын да кудайы бар, кесир-кусуру бар. Бакиев күнөөлүү болсо Бакиев, башкасы күнөөлүү болсо башкасы өз жазасын алсын. Эгер Бакиев күнөөлүү эмес болсо акталып чыксын. Бир адамдын кызыкчылыгына байланбай жалпы журттун алдында толук чындык ачыла турган кез келди. Мен келген бийликтин чечкиндүүлүгүн жүз пайыз колдойм. Азаматтар дегенден башка сөзүм жок. Жапаров менен Ташиев онунчу жылы ошол окуянын  башынан аягына чейин арасында болуп, толук билгени  жакшылыкка үмүттөндүрүп турат.

- Жергиликтүү кеңештин шайлоосу менен бирге өткөн референдум кандай өттү? Аны да сындап, тескери пикир айткандар чыга баштады го?

- Референдум жакшы эле өттү. Болгону, системанын өзгөрүшүн каалабай жаткандар жаңы Конституцияны кабыл алгысы келбей жатат. Ошолор шайлоодо атайын чуу чыгарууну максат кылып, элге жек көрүндү болгон куу тумшуктар өтпөсүн билсе да аттанып алышты. Мына ошолор   өтпөй калганын бетине кармап догурунуш, элди дүрбөтүшүп жатышат. Чынында элге чыгып платформаларын деле жеткиликтүү айта алышкан жок. Тагыраагы, баягы чирип бүткөн системанын чириген  эл бузар мансапкорлору жоголмоюнча көпкө чайналат окшойбуз. Азыркы бийлик аларга туруштук  берип тең келчү кадрларды жанына тартып, профессионалдарды каршы коюшу керек. Люстрацияга чечкиндүүлүк менен киришпесе, булар арамдык жол менен тоскоол болгону болгон.

Негизи сормо сазды оңой эле калыбына келтирип жибериш кыйын. Буга жалпы элдик зор күч, ал күчтү кармап турган өзөк керек. Азыр өзөктө баягы эле чириктер жармашып отурат. Азыркы тандалган кадрлар  бийликке таяныч  болуп бере албайт.

 - Баса, Жанар Акаев "Садыр Жапаров ишенимдүү партнёр эмес, депутатарга конституцияны, референдумду колдотуп алып эле эртеси кылмыш ишин ачтырып, миллиондорду төлөтүп алат" деди?

- Бир чети Жанар Акаев туура айтыптыр. Мен ал үчүн  Садыр Нургожоевичти жаман көрө албайм. Эгер ошол партнёр таза эмес болсо, кечке коюн колтук алышып, ээрчишип жүрө бермек беле. Биринчи кандай экенин өз көзү менен көрдү. Партнёрлор үйрөнгөн адатын таштабай шылуундук кыла берсе мурдагы, кийинкисин кошуп туруп эсебин алат. Анан эмне аны тайраңдатып коймок беле.

- Неге Садыр Жапаров жоопкерчиликти мойнума алам дегенине карабай аны жөндөмсүз деп сындагандар көбөйдү. Же анын саясаты көптөргө каршы келип жатабы?

- Бийликке кандай адам каршы чыгат? Биринчиси, чындап эле мамлекеттин оңолушу үчүн күйүп-бышып ишке көзү жеткен адам. Экинчиси, жөн гана ичи тар, көрө албас. Колунда эч кандай долбоору деле жок. Мен барам, кыйратам деп жулунган жулкунбайлар болот. Аларды кызматка койсо да дээринде  болбосо, ишинен майнап чыгара албайт. Анан аларды кечке сүйрөп жүрө бермек беле. Татыксызын алып, татыктуусун коёт да. Кызматка бараары менен иштин өтөөсүнө чыкканды эмес, жегенди ойлонуп, туура эмес документке кол коюп, тескери иштей баштаса кылмыш ишин козгобой эркелетип жөн коймок беле. Ошон үчүн Садыр Жапаровду сындагандар да эби-чени менен сындаса жакшы болмок.

- Текебаевдин, Чотоновдун акталышы Курсан асановдун үй камагына чыгышы Садыр Жапаров саясий куугунтукка каршы чыгып, соттордун адилеттүүлүгүн камсыздоо деп кабыл алсак болобу?

- Булар башынан эле туура эмес камалды, саясий заказ деп эл айтып келген. Акыры чындык жеңиптир да. Эгер Жапаров аралашса анда дагы деле отура беришмек да. Мисалы Атамбаевдин убагында камалган Жапаров Жээнбековдун убагында эл безилдеп жатса да чыгарышкан эмес. Канча жолу кайрылууларды жасаганбыз. Кол чогултканбыз. Укпагандай, көрбөгөндөй болуп эле коюшкан. Сотторду өз жайына койсо чындык орнойт экен. Соттор деле кыргыздын балдары да. Башка жактан келген жок да. Ошон үчүн күнөөсү жокпу актады.

Баса, жаңы Баш мыйзамды сындап, каршы чыккандар да болду эле. Жаңы Баш мыйзамдын алкагында жоопкерчиликти сезип, аларга каршы чыккан жок. Бул жакшы нерсе.  Себеби эл тандап, эл ишенип калыстыкты орнотот деп Садыр Жапаровду президент кылышты. Элдин уулуна эл ишенип жатат. Садыр Жапаров элди унутпайт, ар убак жетимдердин, азап тарткандардын жанында болот, жаман адаттардан тыш болот деп ойлойм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости