www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын Тверь райондук соту 23-январда Орусиядагы оппозиция лидери Алексей Навальныйды колдогон акция маалында кармалган Станислав Ахмедовду эки жылга эркинен ажыратты.

15-апрелдеги сот өкүмүнө ылайык, ал жаза мөөнөтүн жалпы тартиптеги колонияда өтөйт. Ахмедовго "бийлик өкүлүнө күч колдонгон" деген айып коюлган. Тергөө материалдарына ылайык, каршылык акциясы маалында ал полиция кызматкерин башка тепкен. Ахмедов күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Буга чейин мындай айып менен Навальныйды колдогон Москвадагы акциялардын катышуучулары Павел Грин-Романов 3,5 жылга, ал эми Валерий Евсин эки жылга кесилген.

Укук коргоочулар январь айындагы каршылык акцияларына катышканы үчүн эркинен ажыратылган, же аз убакытка камалып, айыпка жыгылган жана соттолгондор жарандардын саны жүздөп саналарын белгилешет.

Ушул жылдын башында Москва баштаган бир катар шаарларда Навальныйды колдогон саясий акциялар өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости