www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдөгү Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратын басып алган аялдар азыр жоопкерчиликке тартылбайт. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

ЖМК өкүлдөрү облус башчысына "бул аялдар мамлекеттик ишкананы басып алды, ал үчүн жоопко тартылабы?"деген суроо узатышкан.

"Жок, азыр жоопко тартылышпайт. Алар ишемби күнү саат 10:00дө Марипов менен жолугушат. Анда болгон маселелер чечилет. Көйгөйлүү маселелер өтө көп", — деген Тентишев.

Ал имаратты басып алган аялдар менен өкмөт башчы өзү сүйлөшкөнүн айтып, "Марипов кандай тапшырма берсе ошону гана аткарабыз" деп сөзүн аяктаган.

Эскерте кетсек, айыл өкмөтүнүн имаратын бир нече аял басып алганы тууралуу маалымат бүгүн эртең менен түшкөн. Анда насыянын айынан үйлөрүнөн ажырап калуу кооптуулугуна кабылган 10дой аял имаратка кирип алып, бензин толтурулган бөтөлкөлөрү менен өздөрүн өрттөй турганын айтышкан болчу.

Окуя болгон жерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү, вице-премьер Улукбек Кармышаков келген. Андан соң аялдардын бир бөлүгү вице-премьер менен Бишкекке чыгып, премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугушкан.

Жанын кыюуга даяр аялдардын маселесинен президент Садыр Жапаров да кабардар болгону айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости