www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир катар маалымат агенттиктер түркиялык дипломаттарга шилтеме кылып, АКШнын аскер кемелери буга чейин айтылгандай 14-15-апрелде Кара деңиздеги Босфор кысыгынан өтпөй турганын жазышты.

Мунун алдында Вашингтон орус-украин чек арасындагы соңку абалдан улам Кара деңизге аскер кемелерин киргизерин жарыялаган жана кысыктан өтүүгө Анкарадан уруксат сураган. АКШнын мындай сунушту кайра кайтарып алган себеби азырынча белгисиз.

Буга чейин АКШ Орусияны Украина менен чек арасына жакын аймактарга аскерлерин жайгаштырып, алардын санын көбөйтүп жатканын айыптаган. Вашингтон эгер Киевге коркунуч жаралса бул өлкөнү абадан жана деңизден колдоп-коргоого даяр экенин билдирген.

АКШ менен Орусиянын лидерлери 13-апрелде орус-украин чек арасындагы соңку абалды телефондон талкуулашкан. Анда Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден Украианын аймактык бүтүндүгүн колдоорун айтып, орус кесиптеши Владимир Путинге жакынкы аралыкта жеке жолугууну сунуштаган.

Расмий маалыматка ылайык, Байден 14-апрелде немис канцлери Ангела Меркель менен дагы сүйлөшүп, лидерлер Орусия чек арада аскерлеринин саны азайтса, аймактагы чыңалуу жөнгө салынмак деген пикирге келишти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости