www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары ант беришти. Ушул жерде да айрым депутаттар Анттын кыска текстин кагаздан карап окуп бере албай коомчулукка шылдың болушту...

Андан да күйгүзгөнү – андайларды актаган-жактаган  адамдардын чыкканы болду. “Айта албай калса, эмне экен?”, “Жаш экен, сүрдөп кетти да”, “Биринчи жолу депутат болуп жатпайбы!”... деген сыяктуу. Ант бул жөнөкөй сөздөрдүн топтому эмес. Эл өкүлү болом деп аттанып, канчалаган адамдардын (шайлоочулардын) ишенимин (добушун) алып келген соң, ошончолук жоопкерчиликти моюнга алууну билдирет. 

Негизи Ант саналуу гана кызматтарда болот. Андай кызматкерлер жарандык жашоодон мамлекеттик кызматка өтүп жатып, өздөрүн мамлекет менен символикалуу жана юридикалык байланыштыруу, өзүнө Мекенди жана анын конституциялык түзүлүшүн коргоонун эң жогорку жоопкерчилигин жана тартибин алуу үчүн ант беришет. Бул салтанаттуу да азем болуп саналат. 

Антты биздин өлкөдө мамлекеттин Президенти менен парламент мүчөлөрүнөн башка аскер кызматкерлери, күч структураларынын кызматкерлери беришет. Ал аталган кызматтардын беделинин жогору экендигин баса белгилеп турат. 

Мына ошондуктан, депутат болом деген адам, ал кызматка келердин алдында, мына ушул эң биринчи кадамды туура коюусу – Ант берүүгө олуттуу мамиле жасоосу керек!

Последние новости