www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарын жарандардын кайрылууларын өз учурунда кароого жана тергөө иштерин калыс жүргүзүүгө чакырат.
Аны менен бирге Акыйкатчы мамлекеттик органдарды аялдардын жана балдардын укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бөлүү менен, бул жааттагы мыйзам талаптарына каршы келген көрүнүштөргө жол бербөөнү сунуштайт.
Жамиля Жаманбаева көп аял алуу өлкөнүн мыйзамдарына жана эл аралык нормаларга каршы келерин белгилейт.
Акыйкатчыга Бишкек шаарынын У.Х. аттуу тургуну укуктук жардам сурап кайрылып, жарандык никедеги жолдошу, мурдагы аткаминер М.М.ны көп аял алуу фактысы боюнча мыйзам жоопкерчилигине тартууда көмөк көрсөтүүнү суранган.
Арыздануучунун айтымында, ички иштер органдары көп аял алуу фактысы боюнча анын арызын 5 ай бою карабай, араң гана 1- декабрда Октябрь РИИБиси Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин 176-беренеси (Эки жана андан көп аял алуу) менен кылмыш ишин козгогон.
У.Х. М.М. менен 2022-жылдын 16-февралында диний жөрөлгө менен нике кыйдырып, 22-февралда үлпөт тоюун өткөрүшкөн. М.М. балдары бар экенин айтып, бирок аялы менен бирге жашабай калгандыгына ишендирген.
Арадан бир жыл өткөндөн кийин уулду болуп, наристе 6 айга толгондо генетикалык оор дарты аныкталат.
“Жолдошум майыптыгы бар бала биздин атыбызды булгайт деп фамилиясын өзгөрттүрүп койду. Баладан толугу менен баш тартып, дарылануусуна да жардам бербей келет. Дарыгерлер уулумду чет өлкөдөн дарылоону сунушташкан. Жакындарымдын, ата-энемдин жардамы менен уулумду дарылап келдим”, - дейт У.Х.
Арыздануучу М.М.нын биринчи жубайы жана анын бир туугандары аны каралап, кысымга алып, милицияга ар кандай арыз жазып кайрылып жатышканын айтат.
Акыйкатчы Институнун кызматкерлери келинге укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүп, тергөө жана сот иштерине мониторинг жүргүзүп бере турган болду.
Андан тышкары Башкы прокуратурага келиндин арызы боюнча жүрүп жаткан иштер туурасында маалымат сурап расмий кат жолдонду.
Белгилей кетсек, мыйзамда көп аял алууга каршы коомдук иштерге же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салуу жоопкерчилиги каралган.