www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ишмердүүлүгүнө жасалма интеллект технологияларын киргизүү боюнча ишти баштоону сунуштады. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Евразия экономикалык жогорку кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында билдирди, деп маалымдайт БЕЛТАнын кабарчысы.

«Дүйнө толук масштабдагы санариптик трансформация жана жасалма интеллект дооруна кадам таштады. Биз заман талабына ылайык иш алып барып, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикаларынын бардык тармактарына заманбап технологияларды киргизишибиз керек деп эсептейм. Биримдиктин ишмердүүлүгүнө жасалма интеллект технологияларын киргизүү боюнча ишти баштоону сунуштайбыз. Айрыкча, мындай системаларды соода агымдарын алдын ала болжолдоодо жана бажы төлөмдөрүнүн таасирин баалоодо азыртан эле колдонууга болот», — деди Касым-Жомарт Токаев.

Ошондой эле ал ЕАЭБдеги кесиптештерине биримдик мейкиндигинде жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү өнүктүрүү боюнча биргелешкен билдирүү даярдоону сунуштады.

Казакстандын президенти белгилегендей, жыйынтыкталып жаткан 2025-жыл ЕАЭБ үчүн мааракелүү жыл болуп, биримдик өз өнүгүүсүнүн экинчи он жылдыгына ишенимдүү кадам таштады. «Өз ара соода туруктуу өсүүдө, биргелешкен инфраструктуралык долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып жатат, өнөр жай кооперациясы кеңейүүдө. Акыркы жылдардагы глобалдык солкулдоолорго карабастан, оң экономикалык динамиканы сактап калууга жетиштик. 2025-жылы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жалпы ички дүң өнүмү 2 пайызга өсөт деп күтүлүүдө. Болжолдорго ылайык, жакынкы эки жылда ИДӨнүн өсүшү туруктуу мүнөзгө ээ болот», — деп баса белгиледи Касым-Жомарт Токаев.

Последние новости