www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22-декабрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаанын ЖЭБине барып, отун-энергетика тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

Шаар башчысы энергетиктердин талыкпаган эмгегинин аркасында Бишкек кышкы эң жогорку жүктөм маалында да жылуулук жана электр энергиясы менен туруктуу камсыздалып жатканын белгиледи.

"Ар бир үйдөгү жарык жана жылуулук - бул сиздердин күнүмдүк, жоопкерчиликтүү ишиңиздин натыйжасы", - деп баса белгиледи мэр, кесипкөйлүгү жана ишенимдүүлүгү үчүн командага ыраазычылык билдирип.

Тармактын эң мыкты кызматкерлери мэриянын ыраазычылык каттары жана ардак грамоталары менен сыйланышты. "Бишкекжылуулукэнерго" муниципалдык ишканасынын директору Улан Айтиев өзгөчө сыйлыкка ээ болуп, "КМШнын ардактуу энергетиги" төш белгиси менен сыйланды.

Ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн төмөнкүлөр Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланды:

Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасынын борбордук районунун                        № 1 участогунун 5- баскычтагы слесары    -    Аширалиев Джанар 
Абакирович;
Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасынын отказан цехинин бөлүм башчысынын орун басары    -    Жакыпов Мирбек 
Каныбекович;
Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык  ишканасынын оңдоо-өндүрүштүк  участогунун инженер-конструктору    -    Калчаев Шераалы Абдибекович;
Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык  ишканасынын оңдоо-өндүрүштүк  участогунун 3-разряддагы электр газ ширетүүчүсү    -    Калчаев Афтандил Шераалыевич;
Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасынын № 2 өндүрүштүк участогунун 4-разряддагы электр–газ ширетүүчүсү     -    Керезбек уулу Жаныш;
Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасынын түштүк райондук № 2 участогунун үй ичиндеги системалардын                    1- топтогу мастери    -    Керимкулов Азамат Каныбекович;

Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасынын борбордук районунун № 1 участогунун 1-топтогу жылуулук тармактары боюнча мастери
    -    Касымбеков Нурбек  Асылбекович;
Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык  ишканасынын оңдоо-өндүрүштүк   участогунун 4-разряддагы слесарь-оңдоочусу     -    Матназаров Нурбек 
Абдырахманович;
Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасынын № 4 өндүрүштүк участогунун жабдуулар боюнча инженери    -    Окешов Азамат Абдыгулович;
Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасынын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн башчысы    -    Путилов Дмитрий Андреевич;
Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасынын башчысынын орун басары     -    Сарыкеев Шаршенбек Мамытович;
Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасынын оңдоо кызматынын 5-баскычтагы изоляциялоочусу    -    Тайтакеев Бактияр Турусбекович;
Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык  ишканасынын оңдоо-өндүрүштүк участогунун 4-разряддагы    -    Якубалиев Кыялбек Ахматкулович.

Бишкек шаарынын мэриясынын ыраазычылык каттары төмөнкүлөргө тапшырылды:

Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасынын коопсуздук техникалык жана ишенимдүүлүк кызматынын бөлүм башчысы    -    Алманбет уулу Байыш;
Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасынын түштүк районунун абоненттик бөлүмүнүн абоненттер менен иштөө боюнча 3-топтогу контролёру
    -    Календерова Бактыгүл  Календеровна;
Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык  ишканасынын оңдоо-өндүрүштүк участогунун 4-разряддагы электр газ ширетүүчүсү    -    Калчаев Чынгыз Шераалыевич;
Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасынын транспорт жана механизмдер кызматынын машинист-экскаваторунун айдоочусу    -    Орузбаев Нурбек Ишембиевич;
Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасынын байланыш жана электр-чарба кызматынын 5-баскычтагы электр монтёру    -    Титов  Алексей 
Вячеславович;
Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык  ишканасынын оңдоо-өндүрүштүк участогунун 4-разряддагы электр газ ширетүүчүсү     -    Эргашев Санжарбек Камбараалыевич.

Бишкек шаарынын мэриясы энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктайт жана аларга чың ден соолук, бакубат жашоо жана ийгиликтерди каалайт!

Последние новости