www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош ОИИБдин Милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө батальонунда “2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасынын Кыргыз жараны деп таануусун өнүктүрүү концепциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Негизги максаты – этностор аралык мамилелерди чыңдоо, жаштардын потриоттук, мекенчилдик сезимдерин бекемдөө, ошондой эле алардын “Кыргыз жараны” деп өзүн таанууну өнүктүрүү жана илгерилетүү үчүн жагымдуу чөйрө түзүү болду.

Иш чарага спорт тармагында Кыргыз Республикасынын желегин бир канча өлкөлөрдө желбиретип, жеңишке жетишкен кызматкерлер конок катары чакырылды.

Ийгилик жараткан кызматкерлер:

- Мырзабек Кочкоров - Алыш, бел боо боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Азиянын эки жолку чемпиону, Баяман Эркинбаев элесине арналган “Гран При” эл аралык мелдешинин үч жолку чемпиону;

- Аброр Хакимов - Кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону,Азия оюндарынын үч жолку чемпиону, Эл аралык турнирлердин бир нече жолку чемпиону

- Бектур Идирисов - Күжүрмөн самбо боюнча спорттун эл аралык чебери, Кол урушу боюнча спорттун чебери, Күжүрмөн самбо боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси, Азия чемпионатынын чемпиону, Ислам оюндарынын эки жолку чемпиону ИИМдин РОБдун Ош шаарындагы филиалынын жаш талапкерлери менен баарлашып, жетишкен ийгиликтери менен бөлүштү.

Чемпион кызматкерлер келечек билимдүү, таланттуу жана эмгекчил жаштардын колунда экенин айтышып, Кыргыз жараны болуу – чоң жоопкерчилик жана зор сыймык экенин баса белгилешти.

Иш-чаранын аягында, жетекчилик тарабынан конокторго арналган белектер тапшырылып, эстелик үчүн сүрөткө түшүштү.

 

 

Последние новости