www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Антарктида – жер жүзүндөгү эң сырдуу материк. Илимпоздордун пикири боюнча, бул континентте активдүү жашоо болжол менен 60 миллион жыл мурда токтогон. Ошол мезгилде Антарктидада динозаврлар жашаган, ал эми бүгүн бул аймакты негизинен пингвиндер гана байырлайт. Бирок климаттын тарыхына көз чаптырсак, жерде жылуулук менен муздактын алмашуусу дайыма болуп турганын көрөбүз. Мисалы, миң жыл мурун Гренландия чындап эле жашыл арал болгон. Демек, мындай өзгөрүүлөр Антарктидада да кайталанган болушу мүмкүн. Ошондуктан бул материк бүгүн да илим үчүн көптөгөн табышмактарды сактап турат.

Марстан келген метеорит
1984-жылы Антарктидадан ALH 84001 деп аталган метеорит табылган. Илимпоздор анын Марстан келгенин аныкташкан. Метеориттин ичинде бактерияларга окшош микроскопиялык түзүлүштөр байкалган. Бул ачылыш космостогу жашоонун мүмкүнчүлүгү тууралуу талкууларды күчөткөн.
Муз алдындагы Восток көлү
Төрт чакырым калыңдыктагы муздун астында жайгашкан Восток көлү миллиондогон жылдар бою тышкы дүйнөдөн обочолонуп келген. Андан табылган микроорганизмдер илимге белгисиз жаңы жашоо формалары болушу мүмкүн. Бул көлдү изилдөө жердеги жана башка планеталардагы жашоону түшүнүүгө жардам берет.
Байыркы токойлордун калдыктары
Антарктидадан күйгөн токойлордун ташка айланган калдыктары табылган. Бул материк бир кезде жылуу климатта, өсүмдүктөргө бай болгонун далилдейт. Илимпоздор бул токойлор 250 миллион жыл мурда вулкандык активдүүлүктүн натыйжасында жок болгон деп болжолдошот.
Муз астындагы вулкандар
Антарктидада 90дон ашуун вулкан бар экени аныкталган. Айрымдары муз катмарларынын астында жайгашкан. Бул аймактагы вулкандык активдүүлүк муздардын эришине таасир этиши мүмкүн, ошондуктан илимпоздор бул процесстерди кылдат изилдеп жатышат.
«Кандуу» шаркыратма
Мак-Мердо өрөөнүндөгү кызыл түстөгү шаркыратма бар. Анын түсүнүн кызыл болушу темирге бай суу менен микроорганизмдердин өзгөчө жашоо шарттарына байланыштуу экени айтылат. Бул көрүнүш жарыксыз жана кычкылтексиз чөйрөдө да жашоо мүмкүн экенин көрсөтөт.

Динозаврлардын издери
Антарктида аралдарынан 70 миллиондон ашык жылдык динозавр сөөктөрү табылган. Бул материк байыркы доордо жандуу экосистема болгонун дагы бир жолу тастыктайт.
Адам издери мифпи же чындыкпы?
Интернетте Антарктидадан байыркы адамдардын баш сөөктөрү табылганы тууралуу маалыматтар көп. Бирок ишенимдүү илимий далилдер жок. Ал эми чыныгы факт катары XIX кылымда каза болгон чилилик аялдын сөөгү табылганы белгилүү. Анын Антарктидага кантип жеткени бүгүнкү күнгө чейин табышмак бойдон калууда.
Арийне, Антарктида – өткөн доорлордун архиви десек жарашат. Андагы ар бир жаңы табылга, адамзатка жердин тарыхын тереңирээк түшүнүүгө жардам берет. Балким, бул муздуу материк келечекте али да көп сырларын ачат.