www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Антарктидадагы айсбергдердин ээриши жерди жаңы муз дооруна сүйрөй турган чынжырлуу реакцияны жаратышы мүмкүн экендиги белгиленди. Бул тууралуу трт.нет Daily Mailдин кабарына таянып жазып чыкты. Уэлстеги Кардифф университетинин окумуштуулары ээрип жаткан айсбергдер Атлантика океанына таза суу ташыганын белгилешти. Бул процесс океандын айлануусунун өзгөрүшүнө жол ачып, жерди жаңы климаттык муздоо коркунучуна алып келүүдө.

Акыркы 1,6 миллион жылдагы ар бир муз дооруна чейин, ээриген айсбергдер менен океандардагы алмашуунун ортосунда байланыш бар экендиги аныкталды. Буга чейин илимпоздор муздун ээриши жана глобалдык жылуулуктун башка кесепеттери океандын деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келгендигин жана келечекте жээк аймактары сууга чөгүп кетиши мүмкүн экендигин эскертишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости