www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги  укук коргоочу Качкын Булатовдунн кыргыз саясатынгы айрым жагдайлар боюнча  пикирин уктук.

-Качкын байке, экс-президент Роза Отунбаева неге таза өттү, административдик ресурс колдонулган жок деген шайлоону кырсыкка теңеп жатат?

-Негизи мамлекет камкордукка алып, тамак ашынан чач жасалгасына чейин кам көрүп жаткандан кийин Отунбаева андай орунсуз сөздөрдөн алыс болсо болмок. Ар кайсыны айтып, элдин тынчтыгын бузгандан көрө, иштеп жүргөндө берген убадаларымды канчалык аткара алдым деп өзүнө суроо салса, коомдо карама-каршылык жараткан кептерден алыс  болмок. Айтайын дегеним, анын берген убадаларынын көбү ишке ашкан эмес. Аны эсинен чыгарып, 90 миң пенсия берип жатса да, жөн жүрбөй элди дүрбөтүп, таза шайлоону кырсыкка теңеп, орунсуз сөздөрү менен өз аброюн кетирип алды. Мен билгени Отунбаеванын бул сөзүн туура көрүп колдогондордон да, аны ырыскысын көтөрө албаган аял экен деп каргагандар көп болду. Экс-президент деген макамдын кадырын кетирбей айтса калыс пикирин айтып, болбосо жөн эле отурса эл үчүн да, өзү үчүн да пайдалуу болот эле.

-Баса, үгүт учурунда сындап, каралаган талапкерлер Садыр Жапаровду куттуктаганга уяты жол бербей жатабы же алар дагы деле жээрип жатышабы?

-Үгүт учурунда Садыр Жапаровду сындап, жалган жалааларды жаап, Сооронбай Жээнбеков айткандай фактысы, далили жок сүйлөп, элдин башын айлантууга болушунча аракет кылган, котур ташы койнунда болгон талапкерлер да болду. Балким алар орунсуз сөздөрү үчүн кантип абалдан чыгуунун жолдорун караштырып жатышкандыр. Же аягына чейин кежирленип, шайлоо жыйынтыгын тааныбайбыз деп көшөрүшүп жаткандыр. Негизи Абдил Сегизбаев, Адахан Мадумаров, Курсан Асанов, Канат Исаевге окшогондор таза шайлоодон дагы кынтык издеп, “тааныбайбыз” деп жатышат. Алар эмнегедир үгүт учурунда Садыр Жапаровго катуу чабуул жасап, элдин пикирин бузууга аракет кылышты. Бирок, алардын  жагымсыз аракети тескери натыйжа берип, жарытылуу деле добуш алалышкан жок. Адахан Мадумаров болсо, буга чейин элдин сүймөнчүлүгү болуп келсе,  “таза шайлоо өткөн жок, добуштар уурдалды, эл көтөрүлөт” деген  сөздөрүнөн улам,  кадырын, сыйын кетирип алды. Беш кол тең эмес дегендей 4-5 талапкер шайлоону тааныбайбыз деп көшөргөнү менен Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Улукбек Кочкоров шайлоонун таза өткөнүн айтып,  жыйынтыгын таанырын айтышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости