www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Антибиотиктен бал тез айыктырат

Антибиотиктердин кыйыр таасири бар жана ал организмдин иммунитетин төмөндөтөт. Ошондуктан балды кошумча каражат катары пайдалануунун жакшы жактары арбын.

Оксфорд университетинин окумуштуулары суук тийгенде бал айрым дарыларга караганда жакшы жардам берерин айтышты. Бул тууралуу National Geographic жазды.

Мындай жыйынтыкка алар балдын натыйжалуулугу боюнча жасалган 14 изилдөө ишинен кийин келишкен.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, аарынын азыгы дем алуу органдары сезгенгенде, мурун бүтүп, тамак ооруганда жана жөтөлгөндө жардам берет. Текшерүүдө окумуштуулар 1 761 бейтапты кароодон өткөргөн.

Бал кадимки дарыга караганда жөтөлдү 36 пайызга азайтып, жөтөлгөндө тамактын ооруганын 44 пайызга басаңдаткан. Мындан тышкары, ал дем алуу органдарындагы оорунун сакайышын тездетип, анын убактысын эки күнгө чейин кыскарткан.

"Бал — бул дарыланууда дайыма колдонулуучу, бейтаптарга белгилүү табигый каражат. Андан тышкары, ал арзан, кол жетерлик жана эч кандай зыяны жок", — дешет изилдөөчүлөр.

Балды антибиотик менен салыштыруу өзгөчө кызыгууну жаратат. Окумуштуулардын айтымында, антибиотиктердин кыйыр таасири бар жана организмдин иммунитетин төмөндөтөт. Ошондуктан балды кошумча каражат катары пайдалануунун жакшы жактары арбын. Бирок балды аллергиясы барларга жана бир жашка чейинки наристелерге колдонууга болбойт.

Бул изилдөө иши дагы уланат. Окумуштуулар эми балдын жөтөл менен суук тийүүдөн башка дагы кайсы ооруларга жардамы тиерин иликтешмекчи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости