www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында, тактап айтканда, Бишкек — Ош унаа жолунда жеңил автоунаа кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, Toyota Wish үлгүсүндөгү автоунаа Бишкек — Ош жолунун 449-чакырымына келгенде трассадан чыгып кетип, болжол менен 50-60 метр бийиктиктен кулап кеткен.

"Кырсыктын кесепетинен эки кыз жана тогуз жаштагы бала каза болуп, беш эркек адам ар кандай жаракат алышкан. Учурда баарынын аты-жөндөрү такталууда", — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге ӨКМдин беш куткаруучусу жана ИИМдин беш кызматкери барган. Куткаруучулар каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп бергени кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости