www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Антимонополия кызматы нандын баасын аныктады

Антимонополия кызматы  бөлкө нан менен тандырда жабылган токочтун баасын белгиледи.

Мекеменин маалыматында, бөлкө нан Бишкекте дүңүнөн  52 сом 50 тыйын (1 килограммы),  калган аймактарда — 56 сом 50 (1 килограммы) тыйындан ашпай сатылышы шарт.

Бөлкөнүн килограммына чекене баа — 62 сом 50 тыйын, калган аймактарда — 65 сомду түздү.

Тандыр нандын 1 килограммы Бишкекте  дүңүнөн 89 сом турса,  чекене баасы 100 сомдон ашпашы керек.

Чүй, Нарын облустарында  дүңүнөн 92 сомго, чекене  —  101 сомго сатылат.  Ысык-Көл, Баткен облустарында  дүңүнөн  — 99 сом, чекене — 116 сом,  Талас, Ош, Жалал-Абад облустары  дүңүнөн  — 89 сом, чекене —  100 сом турат.

Белгилей кетсек, бул 1-сорттогу ундан жасалган нандын наркы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости