www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК, ИИМ, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, муфтият, ӨКМ, Саламаттык сактоо министрлиги, облустук администрация жана "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрүнөн турган комиссия, 3-4 айдан бери республикадагы диний жайлардын ишмердүүлүгүн текшерип, радикалдык-экстремисттик идеологиянын жайылышына шарт түзгөн негизги факторлорду  аныктап, бөгөт койгон иш-чараларды жүргүзүп жатышат. 

Натыйжада,  Баткен облусунда 32 мечиттин жана диний беш окуу жайдын ишмердүүлүгү токтотулуп, облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан сегиз материал маалыматтарды каттоо журналына түштү.

Ошондой эле, 55 мечитке, диний алты окуу жайга дин тутуу эркиндиги, диний уюмдар жөнүндө мыйзам талаптарын сактабай, тиешелүү курулуш, санитардык-эпидемиологиялык, өрт коопсуздугунун эрежелерин бузганы үчүн акт түзүлүп, көрсөтмөлөр берилген.

УКМКнын маалыматында: 
"Нормаларды, калктын реалдуу муктаждыктарын эске албай диний объектилердин башаламан курулушу, бирдиктүү стандарттардын бузулушу, диний билим берүү мекемелеринде билим берүүгө көзөмөлдүн жоктугу — Баткен облусунда диний кырдаалга терс таасирин тийгизген, радикалдык-экстремисттик идеологиянын динге ишенгендер арасында жайылышына өбөлгө түзгөн негизги факторлор", — деп айтылган маалыматта.

Белгилей кетсек, буга дейре, Ошто мечит, медреселерди башаламан куруу, диний окуу жайларда билим берүүнүн бирдиктүү стандарттарынын жоктугу, формалдуу эмес диний түзүмдөрдөгү (худжра, таалим, дарс жана башка) окутуу процессине көзөмөлдүн жоктугу радикалдык-экстремисттик идеологиянын жайылышына шарт түзгөн негизги факторлорго ылайык 39 мечиттин жана 21 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган болчу. 

Мындан сырткары,  39 диний жана сыйынуу жайларына айып пул салынган. 39 мечиттин "кызыл сызыкка" курулганы үчүн каттоого алынбагандыгы жана тиешелүү документ жоктугу аныкталып, 
48 мечит, 40 диний окуу жайга архитектуралык-курулуш, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын жана өрт коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн эскертүү берилген. 9 мечит, 6 диний окуу жай боюнча материалдар Эреже бузуунун бирдиктүү реестрине катталган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости