www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израиль менен тирешүү башталгандан бери Газа тилкесинде жана Батыш жээкте каза болгон палестиналыктардын саны 788ге жетти, 4 миңден ашууну жарадар болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Эске салсак, 7-октябрда эртең менен Израилге Газа тилкесин башкарган исламчыл ХАМАС кыймылы массалык ракеталык сокку урган. Буга жооп кылып, Иерусалим антитеррордук "Железные мечи" операциясын баштаган. Анын биринчи фазасы 8-октябрга караган түнү аяктаган.

Чыр-чатактын күчөшүнүн натыйжасында израилдик тургундардын каза болгондорунун саны 700дөн ашты. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, Израилдин Газа тилкесиндеги соккуларынан курман болгондордун саны 400дөн ашты.

Палестиналык аскерлер жүздөн ашуун израилдикти, анын ичинде жогорку даражалуу аскер кызматкерлерин туткунга алышкан.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости