www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык Valisure компаниясы базардагы антисептиктерге изилдөө жүргүзүп, алардын айрымдарында рак оорусун козгоочу зат - бензол бар экендигин аныктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ден-соолукка кооптуу зат пандемиянын ортосунда, популярдуу дезинфекциялоочу бренддер тартыш болуп турганда, базардан чыккан азыктардан табылган. Компания бензол дезинфекциялоочу бөтөлкөлөрдүн 17 пайызынан табылганын аныктады.
Ошол эле учурда, бөтөлкөлөрдүн сегиз пайызында азык-түлүк жана дары-дармек менен камсыз кылуу башкармалыгы тарабынан белгиленген чектен ашып кеткен заттын көлөмү болгон. Жетекчиликтин айтымында, бензолдун мындай концентрациясына адам "салыштырмалуу кыска мөөнөткө" чыдай алат.
Белгиленгендей, курамында кооптуу зат табылган продукциялардын көпчүлүгү АКШда жана Кытайда өндүрүлгөн.
Булак: NazarNews.kg