www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстанда айылдык кеңешке шайланган депутаттардын деңгээли өтө төмөн”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков.

--“Кыргызстанда айылдык кеңешке шайланган депутаттарынын деңгээли өтө төмөн, иш тажрыйбалары жок, билимдери дагы өзүнчө суроо. Райондук бийлике түз баш ийбейт. Анысы аз келгенсип, райондук бийликтин колунда, реалдуу бийлик жок, райондун кадрларын өзү чече албайт, борбордон бөлүнгөн каражат “курам на смех” дегендей, өздөрүндө кошумча каражаттар табуу мүмкүнчүлүктөрү такыр жок. Бир сөз менен айтканда, райондун акими “жылаңач  король”.  Анан кантип, ошол “жылаңач королдор” райондорду өнүктүрө алат? Ошондуктан аймактардагы депутаттарды шайлаганда билимине, акылына карап шайлоо керек. Андыктан айылдардагы  тургундарга кайрылам айтаарым, депутаттарды тандоодо деңгээлине карасаңыздар”, - дейт  саясатчы Исаков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости