www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен «Өлкөдөгү саясий абал» деген конференцияда «Жерүй», «Камбар Ата 1» маселеси боюнча өз оюмду айткан соң, бүгүн уулумду жумуштан кетиришиптир. Мындай пикирин саясатчы Жылдыз Жолдошова бүгүн, 25-мартта өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«2010 жылдан баштап, Садыр Жапаровтун башына кандай оор күндөр өтпөсүн, мен жанында болдум. О.э. «Ата Журт» партиясынын башка мүчөлөрүнүн тагдырына да катуу көңүл бурдум... Бирөөсүн саткан жокмун, таштабадым, колуман келишинче колдоп келдим. Эч кимге милдет да кылган жокмун, кылбайм дагы.

Менин үй-бүлөм да, 2010 жылдан бери, куугунтук көрүп келет. Балдарымды, жолдошумду, ээлеген кызматтарынан бошотушкан... Бирок мен мамлекеттин, элдин тагдырына зыян келе турган маселелерде өз позициямдан, принцибимден, көз карашымдан тайбай келгем. Азыр да тайбайм.

Уулумду, Аппарат Президенттин жетекчиси С. Касмамбетов 1.5 ай мурун, чакырып кызматка алышкан. Кечээ, мен «Өлкөдөгү саясий абал» деген конференцияда «Жерүй», «Камбар Ата 1» маселеси боюнча өз оюмду айткан соң, бүгүн уулумду жумуштан кетиришиптир.

Уулум, биздин үй-бүлө эмнени гана көргөн жок, силер сынбадыңар... Менин саясий көз карашымды колдоп келдиңер, кандай гана кырдаал болбосун. Ал үчүн, мен сиздерге ыраазымын.

Ал эми, Садыр Жапаровко айтаар элем, эч кимдин баласына тийбе, мындай «пастыкка» барба деп. Ал эми, мен тарабынан Садыр, сага өз убагында айтылып жаткан чындыкты, сен түшүнөсүң, экс-президенттердин кейпин кийгенде. Бирок, аттиң... кеч болуп калат. Анткени, алар да, өз убагында, менин жана башка күчтүү, таза саясатчылардын чындыкты айткан сөздөрүн, душмандын сөзүндөй кабыл алышкан...», - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости