www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Конституциянын долбоору мыйзамсыз болуп калыптыр”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков.
--“Сунушталган Конституциянын долбоору, бир жагынан мыйзамсыз, экинчи жагынан 600-800 жыл арттагы, Хандын бийлигинен дагы ашып, аягы “Көкөтайдын ашындагыдай” чырга алып келе турган долбоор болуп калыптыр. Конституциянын талаптарынын жана мыйзамдардын негизинде, Конституцияга өзгөртүүлөрдү гана киргизип, тең салмактуу бийлик, көз карандысыз сот, өз алдынча, күчтүү аймактык бийликти түптөө, мыйзамдык талаада иш алып барышыбыз зарыл. Элдин тандоосун биргелешип, ынтымакта, бийлик бутактарын түзүү принциптерин так сактоо менен аягына чыгарышыбыз баарыбыздын милдетибиз. Ошондо гана биз эңсеген адилетүү элдик бийлик орнотулуп, жыргал жашоого жетебиз”, - дейт коомдук ишмер Исмаил Исаков.
Булак: NazarNews.kg