www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

AstraZeneca вакцинасынын натыйжалуулугу 76% төмөндөдү

AstraZeneca компаниясы АКШда чыккан изилдөөгө таянып буга чейинки маалыматтарды кайра карап чыкты. Өз вакцинасы COVID-19 илдетинен 76% коргой турганын билдирди. Буга чейин компания препараттын эффективдүүлүгү 79 % экенин жарыялап келген.

Америкадагы көз карандысыз комиссия компания вакцинанын натыйжалуулугу тууралуу баяндаганда «эски маалыматтарды камтыган, айрым позитивдүү тесттерди эске алган эмес, бул илимге болгон ишенимге көлөкө түшүрөт» деп айыптаган.

AstraZeneca жакынкы жумаларда вакцинасын АКШда чукул колдонууга уруксат сурап кайрыларын жарыялады. Оксфорд университети менен бирге иштелип чыккан вакцина илдеттин оор формаларына каршы 100% эффективдүү экенин кайталады.

Компаниянын маалыматына караганда, вакцина 65 жаштан жогору адамдарды COVID-19дан 85% коргой турганы байкалган.

Белгилей кетсек, буга чейин ондон ашуун өлкө компания чыгарган вакцина сайылгандан кийин бир нече кишиде тромбоз болгону жөнүндө маалымат тараганда аны колдонууну убактылуу токтотушкан. Европа биримдигинин дары-дармекти көзөмөлдөө агенттиги вакцина коопсуз деген бүтүмүн чыгаргандан кийин кайрадан пайдаланууга киргизилди.

Шаркет ансыз да вирустан коргой турган препараттардын тартыштыгына кабылып келатат. 25-мартта биримдик лидерлери пандемияны ооздуктоо маселесин талкуулаганы жатышат.

«Эмдөө өнөктүгүнө артыкчылык беришибиз керек», - деп жазды видео конференция алдында Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель.

Ал учурда Франция, Нидерланддар жана Белгия коронавирустун үчүнчү толкунун токтотууга аракет көрүп жатышат. Франциянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, реанимация бөлүмдөрүндө COVID-19га чалдыккан 4 миң 600дөн ашуун киши жатат. Бул - жыл башынан бери катталган эң жогорку көрсөткүч.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости