www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Израилдин эл аралык гуманитардык укук алдындагы милдеттемелерин эске салып, Газанын түндүгүндөгү «курчоонун» жарандар үчүн жашоо мейкиндигин кыскартканын белгиледи. Бул тууралуу трт.нет билдирди.

Антонио Гутерриш расмий X социалдык медиа баракчасынан билдирүү бөлүштү.

Израилдин «курчоосунан» Газанын түндүгүндөгү карапайым калктын кыйналып жатканын айткан Гутерриш, бул адамдардын жашоо аянтынын акырындык менен кичирейгенин баса белгиледи.

Жарандардын корголушу жана гуманитардык жардам ала алуу шартын эске салган Гутерриш: «Эл аралык гуманитардык укук муну талап кылат»,-деди.

Израиль армиясы 19 күндөн бери Газа тилкесинин түндүгүндөгү Жебалия качкындар лагери менен Бейт-Лахия жана Бейт-Ханун аймактарына кургактан жана абадан катуу чабуулдарды жасоодо. Аймакты курчаган Израиль армиясы кыймылдаган бардык нерсени бутага алып аймакка кирүү жана чыгууларга да тоскоол болууда.

Эске сала кетсек, Израиль армиясынын 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 55ке көбөйүп, 42 миң 847ге жетти.

Саламаттык сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин Газага 384 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Израиль армиясынын Газа тилкесинин ар кайсы аймактарында акыркы 24 сааттагы «4 кыргынында» дагы 55 кишинин каза болгону, 132 кишинин жараланганы белгиленди.

Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны 42 миң 847ге, жаралуулардын саны 100 миң 544кө жеткени кабарланды. 

Последние новости