www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-октябрда Мамлекеттик Резиденцияда "Элдик Курултай: тарых сабактары жана келечеги" аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү.  Жыйынга доцент, тарых илимдеринин кандидаты, Этнология институтунун директору Табылды Акеров катышып, Курултай тууралуу пикирин айтты.

—  Курултай өзөгүн тапса демократиялуу жарандык кыргыз коомунун күзгүсү боло алат.

1. Кыргызстан эгемендүүлүккө чыккандан бери кыргыз элинин байыркы тарыхында орун алган саясий жана коомдук институттар кайрадан жандана баштады. Алардын бири курултай институту.  Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан бери бүгүнкү күнгө чейин курултай институту жанданып, бүгүн элибиздин коомдук турмушуна сүңгүп кирип, ал гана эмес өлкөнүн баш мыйзамынан орун алып, конституциялык коомдук институт катары таанылууга жетишти. Бирок, кандай гана болбосун, бүгүн курултай институту коомубуздун саясий же коомдук турмушунан толук кандуу ордун таап, коомубуздун турмушуна жеткиликтүү деңгээлде таасир берип, аны реформалоого, жаңылоого, анын алдыга жылуусуна өбөлгө түзүүчүдөй коомдук институт катары калыптана элек.

2. Курултай институту 30-жыл аралыгында өзүн элдин көйгөйлүү проблемаларын көтөрүп чыга ала турган жана аны чечүү үчүн атайы уюшулган элдик аянтча түзүп берүүчү коомдук институт катары көрсөтө алды. Бирок, ошол эле учурда ал коомдун бардык эле катмарынын колдоосуна ээ боло алган жок. Курултай институтунун алгач коомдук институт катары элдин көйгөйлөрүн көтөргөн, аны бийликке жеткирип туруучу жана бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болуп берүүчү институт катары калыптандыруу идеясы өзгөчө мааниге ээ болуп келди. Жашырганда эмне, бийлик өз табиятына ылайык, өз көмөчүнө күл тартып, аны өзү билишинче колдонууга да аракет кылгандыгы да көпчүлүккө маалым. Мындай көрүнүштөр курултай институтуна илимий негизде баа берилбей, анын нукура табиятын туура жана так түшүнбөстүктөн улам болуп жаткандыгы айтпасада түшүнүктүү болсо керек деп ойлойм.

3. Курултай аскердик-демократиянын принциптерине негизделген саясий институт. Анын жаралыш доору көчмөн цивилизациясынын алгачкы этабында башатталып, көчмөн турумушунун тажрыйбасынын негизинде ага ылайыкташтырылып, эң алгач жеке менчик пайда болуп, уруулук коомдук түзүлүш доорунда, уруулар союздары, биримдиктери ортосундагы өз ара мамилелерди, келишпестиктерди, көчмөндөрдүн саясий, социалдык-экономикалык турмушун жөнгө салуу максатында пайда болгон саясий институт десек туура болот. Курултай жеке менчикти, анын ээлери-бийлик эгеси хандын жана анын укум-тукумдарынын, жакындарынын жана алардын кызыкчылыктарын коргоочу аскердик-демократиянын принциптерине негизделген саясий институт катары таануу туура десек жаңылбайм.

4. Курултай эң алгач хандык бийлик институту болуп эсептелген. Ал эми хан элдик бийликтин символу болуп таанылган. Курултайда хан шайланган. Курултайды бийлик эгэси хан чакырган жана анын ишин жетектеген. Хан монарх катары таанылган. Жаңы шайланган хан оң, сол канат саясий системасын жаңыдан форматизациялап түзүп чыккан. Өзүнө тууган, жакын уруулар алдыңкы позицияга чыккан. Хан өзүнүн буйругу менен уруулардын структуруларын өзгөртүп, аларды майдалап, башка жактарга көчүрүп жибере алган.

Ошол эле учурда, курултай аскердик-демократиянын эң жогорку деңгээлин көрсөткөн институт болуп эсептелген. Көчмөн уруулар союзу аскердик демократиянын принциптеринде түзүлгон. Уруулар      союзуна кирген ар бир уруу «кво» статусунда болгон. Бир уруу экинчи бир уруунун ишине кийлигише алган эмес. Мисалы, кытай булактарында Енисей кыргыздары үч ийри бирикмеден турган. Бул бирикмелерди үч бий башкарган. Булардын бири улук бий же чоң бий статусунда болгон, бирок, бул бирикмелер ар бири өзүнчө эркин болгон, бири-биринин ички иштерине кийлигишишкен эмес. Бардык маселелерди кеңешип чечишкен. XVII-XVIII-кк. Тянь-Шань кыргыздары кыргыз жана отуз огул аттуу эки уруу бирикмеден турган. Буларды чоң бийлер башкарган, оң канаттын бийи негизги бий катары таанылган. Тянь-Шань кыргыздарынан Атаке бий, Боромбай бий өз урууларынын курултайын чакырып, Орусияга элчилик жөнөтүү маселесин карап, дипломатиялык байланыш түзүлгөн.

Көчмөн коомчулугунда ар бир эркек адам бир ок же бир аскер болуп эсептелген. Б. а. бул ар бир үй-бүлөөнү, урукту жана урууну аскердик милдет менен милдеттендирген. Согуш учурунда ар бир урук, уруу өз аскерлерин хандын аскерине жөнөтүүгө милдеттүү болгон.

Курултайдын негизги функцияларына хан шайлоо, согуш жарыялоо же тынчтыкка келишүү маселелерин кароо кирген. Мындан башка, курултайда хан тукумдары менен никелик урууну аныктоо, үлүш бөлүштүрүү жана жалпы коомдук кызыкчылыктагы маселелер да каралган. 

5. Курултайга эң алгач хан, анын укум-тукумдары, жакындары, ийри уруулардын башчылары, аскер башчылар, улус башчылары ж. б. чакырылган. Биок, ошол эле учурда курултайды коомдогу абройлуу, курултай чакырууга дарамети жеткен инсандарда чакыра алган. Мисалы, VIIIк. Барсбек каган өлтүрүлгөндөн кийин, аздар, тухсылар, Енисей кыргыздары Тянь-Шаньга көчүп келип хан тукуму эмес, тухсылардын башчысы Сулукту каган шайлап алышкан. XIII-кылымдар тексиз уруу катары таанымал болгон жардаран уруусунун өкүлү Жамуха түрк-монгол урууларынан турган сегиз уруунун башчыларын курултайга чакырып, өзүн хандардын ханы-гурхан жарыялаган. XIVк. Амир Тимур курултай чакырып, Казан хандын балагат уулу Суюргатмышты хан кылып шайлатып, ал эми  өзүн Туран өлкөсүнүн улук эмири деп бекиттирип алган. Курултайда Амир Тимурга Мавереннахрдын бардык аскер башчылары ак кызмат өтөйбүз деп ийилип ант беришкен.  Чынгыз хан Улуу монгол империясын куруп болгон соң, чоң курултай өткөрүп, үлүш бөлүштүргөн. Кыргыз санжырасында Тагай бий кыргыз хандыгын түзгөндөн кийин, үлүш бөлүштүрүү үчүн курултай чакырган. Дал ошол маалда Тагай бийге анын уулу Кара Чоро сапарлаш достору Азык, Черик, Саякты ээрчитип келип  кошулат. Тагай бий Кара Чорону өзүнүн кестигинен улам таанып, аны жана анын досторун өзүнүн уулдары катары таанып, аларга да ар бирине өз балдарынан кем болбогондой үлүш  болүп берген.  XVIII -кылымда Ормон Ниязбек уулу да курултай чакырып, анда чогулган кыргыз уруу башчылары аны хан кылып шайлашкан.  Айрым учурларда, бир көйгөйдү чечиш үчүн да курултай чакырылып, убактылуу хан шайланган. Мисалы, Батый батыш жоортулунун башчысы катары убактылуу хан деп таанылган.  

6. Көчмөндөрдүн турмушунда хандык бийлик өзгөчө ролго ээ болгон. Хандын бийлиги атадан балага мурасталып өтүп турган. Бул мыйзамды эч ким буза алган эмес. Ханды курултай аркылуу тактыдан жылбыштыруу каралган эмес. Хан көчмөндөрдүн жашоо-турмушун жакшыртуу, адилет башкаруу, акыйкаттыкты сактоо, элдин коопсуздугун камсыздоо маселелерине керт башы менен жооп берген. Ошондуктан, көчмөндөр ханды сапатсыз башкаргандыгы үчүн, коомду алга сүрөй албай, согуш мезгилинде жеңилүү ызасын тарттырып, уруулар союзун кооптуу абалга алып келип койгондугу үчүн ж. б. у с. саясий кризистик абал түзүлүп калганда гана ага каршы чыгып, аны жазалап, анын мураскерин хан шайлашып, абалды оңдоп, алдыга жылууга аракет көрүлгөн. Мисалы, Батыш Турк каганы Тон Ябгу өтө оор салык системасын киргизгендиги үчүн, козголоңчулардын колунан каза тапкан. Түргөштөрдүн Сулук каганы согуштан түшкөн олжону адилеттуу, туура бөлүштүрбөй, көпчүлүк бөлүгүн өзүнө алып калгандыгы үчүн өлтүрүлгөн. Енисей кыргыздары тогуз огуз каганаты менен 20 жыл согушуп, акыркы жылдары копчүлүк учурларда утууга ээ болуп келген. Ошондо, тогуз огуздар союзундагы аскер башчылар, уруулар айлалары кетип, ханга каршы чыгышып, абалда оңдой албагандыгы үчүн, ага каршы чыгып, анын башын алышып, хандын мураскерин тактыга олтургузушуп, тез арада абалды оңдоого аракет кылышкан. Моголистандын ханы Ильяс Кожо Самаркандды ала албай койгондугу үчүн, укум-тукуму менен толук жок кылынган. Адилетсиз, акыйкатсыз, салыктарды обу жок көтөрүү менен алектенип башкаргандыгы үчүн Кокон ханы Кудаяр хан үч жолу тактыдан жылбышкан.

7. Курултайда шайланган хан өзүнүн көчмөн турмушуна ылайыкташтырылган эрежелерди иштеп чыккан. Мисалы, монголдордун Чынгыз ханы «Яса», казактардын Касым ханы «Каска жол», кыргыздардын Ормон ханы «Ормон окуусу» ж. б. у.с. көчмөндөрдүн коомдук турмушун жөнгө салуу, мыйзамдаштыруу, тартипке салуу, аны чындоо аракеттерин камтыган документтерди иштеп чыгып жарыя кылган.

Курултай аскердик-демократиянын эң жогорку деңгээлин көрсөткөн институт катары коомдун моралдык сапатын жакшыртып, элдин рухий байлыгын арттырууда чоң роль ойногон. Курултайда кабыл алынган чечимдер жалпы коомдун кызыкчылыгында болгон жана анын ар бир мүчөөсү үчүн милдеттүү болуп эсептелген. Б.а. курултайда кабыл алынган чечим ар бир адам үчүн мыйзам болуп кабыл алынган. Хандан баштап алыскы айылда жашаган карапайым малчы адамга чейин ал чечимге баш ийген. Коомдук тартип, моралдык принциптерди тебелеп, тепсеп, бузукучулук жолдорго баргандыгы үчүн ханзадалар, хандын жакындары катуу жазаларга тартылган. Айрымдары өмүрүнөн да ажыратылган. Мындай жазалар курултайда же хандын бардык жакындары, аскер башчылар катышкан жыйындарда бардыгына өрнөк болуш үчүн көпчүлүктүн алдында жүргүзүлгөн.

Жыйынтыктап айтканда, курултай институту көчмөн турмуш образына ылайыктуу саясий жана коомдук институт катары көчмөндөрдүн саясий-социалдык жана экономикалык турмушун жөнгө салуу үчүн пайда болгон институт. Курултайды  коомдо курултай чакырууга аброю жетиштүү ар бир инсан курултай чакырууга мумкун болгон. Бул курултай хандык бийликке гана таандык институт эмес, коомдук мүнөздөгү же көчмөн коомчулугуна  альтернативалык аянт түзүүгө мүмкүнчүлүк берген инстутут катары да колдонулган саясий институт болгондугун көрсөтүп турат.

8. Кыргызстандын эгемендигин алгачкы жылдарынан тартып эле курултай институту кайрадан жанданды. Кыргызстанда курултай эки негизде тең чакырылгандыгы байкалууда. Президент А. Акаев бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын курултайын чакырганы маалым. Бирок, А.Акаевдин мезгилинде оппозициялык саясатчы Ф.Кулов курултай чакырып, өлкөнү демократиялаштыруу боюнча пикир алмашуу жүргүзгөн. Анын негизинде программа иштелип чыгып, Кыргызстанда парламенттик республиканы куруу керек деген бүтүм кабыл алынган.  2010-жылы ошол кездеги президент К. Бакиев ынтымак курултайын чакырып, өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдү биримдикке чакырууга аракеттенген. Бирок, ал чакырган курултай альтернативалык пикирлердин айкалышын чагылдыра албай калган. Себеби, ага негизги оппозиция күчтөрү чакырылбай калгандыктан, саясий тиреш күчөп, эл оппозицияны колдоп кеткендиги үчүн Бакиевдин бийлиги кулоого душаар болгон.

9. Кыргыз элинин жана көчмөн элдеринин тарыхы көрсөтүп тургандай курултай дайыма ар түркүн идеялардын, ой-пикирлердин айкашын камсыз кылуучу альтернативдүү саясий аянт болуусу ылазым.  Бирок, Кыргызстанда акыркы 30 жылдагы тажрыйба көрсөтүп тургандай курултайды өлкөдө альтернативалык саясий аянт катары колдонуу байкалбай жатат. Көпчүлүгүндө бийлик курултайды өз кызыкчылыгында жана өз ишин артыкча "пиарлап" алыш үчүн колдонууга аракет кылып жатканы байкалат.

10. Курултай институтун, анын өзүнүн табиятына ылайыктап, өлкөдөгү бардык саясий жана коомдук күчтөрдөн коомубуздун турмушун жакшыртууга арналган идеяларын, ой-пикирлерин угуп жана колдоого алуу учун атайы альтернативалык аянт катары эффективдүү колдонууга аракет кылышыбыз керек деп ойлойм:

Ал үчүн: 

— Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкени менен өзүнүн саясий системасын советтик өлкөдөн мурастап калган аталыштар менен жашап келатат. Кыязы, кийинки конститтуциялык реформаларда Жогорку Кеңешти «курултай» деп өзгөртүү маселеси коюлушу керек. Бул кыргыз менталитетине төп келет. Курултайдын чечимдери кыргыз баласы үчүн закон болуп эсептелинет.

— Президент чакырып жаткан курултайды элдик курултай деп таанып, шайланган делегаттардын сапаты жогору болушун камсыз кылышыбыз керек. Ошондо делегаттар тилемчилик позицияда сүйлөбөй, коомубуздун орчундуу маселелерин, стратегиялык негиздеги пробемаларды көтөрүп, коомду алдыга жылдарууга салым кошуп, курултайдын коомдогу ордун жана таасирин жогорулатмак. Делегаттардын тилемчилик позицияда тигини куруп бергиле, муну жасап бергиле дегендей жана элдин кыжырын кайнаткан "дежур" билдирүүлөрүнөн коомчулук арылмак.

— Курултай кыргыз коомчулугунун улуттук идеалогиясына айланышы абзел.  Курултайдын демократиялуу жарандык кыргыз коомунун күзгүсү болуп калыптанышын камсыз кылуубуз абзел.

—  Курултай эң  алгач альтернативалык идеялардын, ой-пикирлердин айкашын чагылдырган саясий аянт болуусу тийиш.

— Курултайга чакырылган делегаттардын сапатын жакшыртып, аны  болочок парламентарийлерди тарбиялоочу саясий органга айлантууну камсыз кылуу керек.

— Курултай коомдун моралдык сапатын жогорулатуучу, адам укуктары, демократиялык принциптерге таянган бийлик менен коомдун ортосунда көпүрө болуп, бийлик менен эриш-аркак иштоочу коомдук-саясий орган болуп калыптанышын камсыз кылуу абзел.

— Элдик курултайга коомдук бардык саясий күчтөрүн, социалдык группаларды, жер-жерлердин өкүлдөрүн ж. б. калтырбай чакырып, анын деңгээлин жалпы улуттук деңгээлге көтөрүү абзел. Мисалы, жер-жерлерден чакырылуучу өкүлдөрдүн кайсы бир бөлүгүн парламенттик шайлоолорго катышып, бирок, өтпөй калган кандидаттар түзүшүн камсыз кылуубуз керек. Б.а. айтканда парламенттик шайлоолордо өтпөй калган кандидаттардын кайсы бир бөлүгү автоматтык түрдө курултайдын делегаты катары таанылуусу абзел. Ошондо делегаттардын бул катмары дароо 5 жылдык мөөнөткө бекилип, курултайдын тынымсыз иштөөчү орган катары калыптанууга шарт түзүлөт, - дейт доцент, тарых илимдеринин кандидаты, Этнология институтунун директору Табылды Акеров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости