www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 24-октябрда Мамлекеттик Резиденцияда "Элдик Курултай: тарых сабактары жана келечеги" аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Аталган мамлекеттик-коомдук маанилүү иш-чарада "Элдик Курултайдын табияты жана учурдун көйгөйлүү маселелери" - деген темада Биринчи Элдик Курултайдын Аксакалдар Кеңешинин төрагасы жана “Кыргыз жолу” коомунун негиздөөчсү Кадыр Кошалиев өз сөзүндө:
— Элдик Курултай-мамлекеттик бийлик кызматкерлери менен жамы журттун калың катмарынын расмий шайланып келген өкүлдөрү катышкан Улуттук жыйын катары, (сьезд) Кыргызстанда жашаган баардык этностордун, атуулдук коомдун жана диний конфессиялардын ортосунда иштиктүү диалог жүргүзүүгө, алардын биримдигин камсыздоого шарт түзгөн калыс аянтча.
Анда коомдук-мамлекеттик өнүгүүнүн түркүн – түмөн маселелери арай-көзү чарай ачык талкууга алынып, ой-пикир-идеялар ортого салынат жана иштиктүү багыттама (концепция), программа, мыйзамдардын долбоорлору иштелип чыгып, тийиштүү мамлекеттик бийлик органдарына сунуштала турган мыйзамдуу мүмкүнчүлүк.
Кыргыз эли адам укугуна караганда, жолу улуулук философиясына жогору баа берип келген. Башкы байлык - эл! Эл болсо анан анын бийлиги, мамлекети болот. Ошондуктан, элдүүлүктүн жолу улуу!
“Эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң.” “Эл мазар, элден чыккан — азар.” “Элге бергениң текке кетпейт.” “Элге кылган жакшылык жерде калбайт”, - дейт кыргыз акылмандыгы. Чындыгында элдин эки тиреги болгон, биринчиси — акылмандык, экинчиси — баатырдык. Мына ошол эки тирек кыргыздын зоболосун дагы бийик көтөрүп, үчүнчү улуулукту жараткан, так айтканда элдин куту -журт башчысын туура тандоого мүмкүнчүлүк түзгөн. Ошентип элдүүлүк, мамлекеттүүлүк сакталып келген.
Деги эле кыргызда шайлоо түшүнүгүнө караганда, тандоо мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө маани берилген. Элибиздин коом түзүү жана эл башкаруу тажрыйбасында үй бүлө, аксакалдык, уруулар, бийлер, Элдик Курултай институттарын (Хан бийлиги Президенттик институтка жол бошотту) түптөөдө тандоо принциби негизги ролду ойногон. Алыс барбайлы салыштырмалуу жакынкы мезгилде жашап өтүшкөн көлдүк жети акени алалы. Эл аларды даанышман-көрөгөч инсандар катары таанып “АКЕ”, “АКСАКАЛ” макам-статусун беришкен. Эч бир бийлик аларды “аке” болсун деп Жарлык чыгарган эмес.
Демек, кыргызда адам насилине, парасатына, баркына өзгөчө басым жасалган. Элдин тагдырын чечкен Курултайларга өкүл кылып эл жакшылары, журт башчылары, даанышман-билгилер тандалып жөнөтүлгөн. Биз азыр Конституциябызга Элдик Курултай институтун киргизип, мыйзамын кабыл алып, эки жолу Улуттук жыйыныбызды өткөргөнүбүз менен делегаттардын квотасы, сапат-деңгээли, тандалып шайланышы, уюштурулушу кынтыксыз болбой жаткандыктан да майда-барат маселелерден көтөрүлө албай жатабыз. Канткен менен канчалаган жылдардан бери ордунан жылбай келген Курултай маселеси Президент Садыр Нургожоевичтин саясий эрки менен ишке ашкандыгын адилет белгилөө парзыбыз. Элдик Курултайдын коомдук-саясий системабыздагы орду, аткара турган милдет-озуйпасы кандай болушу керек деген маселеге бүгүнкү өтүп жаткан илимий-практикалык конференция өткөнгө таянып, учурга сарасеп салып, илимий баасын берип, чекит коюшу шарт. Мамлекеттик бийлик менен Элдик Курултай бир бүтүн болгону оң. (КЭР, Ливия, Венгрия, Белорусь, Монголия, Казахстан, Россиядагы кыргыз тектүү элдер ж.б тажрыйбаларды жөнүндө оозэки айта кетүү керек)
Элдик Курултай-азыркыдай ааламдашуунун арааны жүрүп турган мезгилде партияларга, НПОлорго, диний агымдарга, түндүк-түштүк, кыргыз-киргиз, батышчыл-мекенчил... ж.б бөлүнүүлөргө бөгөт коюп, улуттук иденттүүлүктүн талабына ылайык калайык калкты ата бабалардын нарктуу жолуна бириктире ала турган, (“Элди жол бириктирет.” Конфуций) мамлекеттүүлүктү бекемдей ала турган зор күч!
Этностордун өнүгүшүн изилдеген атактуу аалым Л. Гумилевдун “Бөлөк элдин эрежеси менен жашаган эл өнүкпөйт”-деген өктөм айтылган илимий тыянагын унутууга акыбыз жок. Учурда улуттук өзгөчөлүгүбүздү (иденттүүлүктү) сактап, бабалардын жолун заманбап улантуудан башка жол жок. Ошондуктан, руханият, улуттук нарк, Элдик Курултай маселелери мыйзам-жарлыктар аркылуу турмушубуздан орун очок алып жатышын колдойм жана туура кадам деп эсептейм.
Учурга сереп салсак, эң оболу табигый жана экологиялык кырсыктар, ден соолук маселеси, руханий өксүктөр, диний жана улуттук кызыкчылыктардын кагылышы, билимсиздик, кылмыштуулук, коррупция, экономикалык тартыштык, согуш-тынчтык, чек-ара, тамак-аш, маалымат коопсуздугу ж.б көйгөйлөр көзгө урунат.
Элдик Курултай-улуттук аң-сезимди өстүрүп, бир нукка салып, элдин акыл-эс, дем-духун, интеллектуалдык мүмкүнчүлугүн бирдиктүү улуу максатка багыттай алган феноманалдык көрүнүш. Демек, Курултай-көйгөйлөр менен комплекстүү күрөшүүдө омоктуу мүмкүнчүлүк. Курултай - ыңкылаптын эмес, ынтымактын, тирешүүнүн эмес кеңешүүнүн жолу! Эң алды менен Элдик Курултай элди адеп-ыйманга, уят-намыска чакырган руханий институт!
Жакында Бишкекте дүйнөнүн 17 өлкөсунөн офлайн жана онлайн өкүлдөр катышкан Эл аралык руханий форум болуп өттү. Анда коомдун туура нукта өнүгүшүндө эң маанилүү булак жана баалуулуктар катары ИЛИМ, БИЛИМ, РУХАНИЯТка басым жасалып, адамдын өзүн өзү таануусу, адеп-ыйман, билим-тарбия, улуттук иденттүүлүк ж.б маселелер туурасында илимий-чыгармачылык чөйрөнүн аттуу-баштуу өкүлдөрү ой калчашып, аягында тийиштүү чечимдерди кабыл алышты.
Убагында Биринчи Элдик Курултайдын делегаттары ишеним көрсөтүп, коомдук башталышта иш алып барган Аксакалдар Кеңешинин демилгеси менен тармактар боюнча адистерден турган Билгилер топтору түзүлүп, руханий-идеологиялык, билим берүү, экономика, коопсуздук маселелери боюнча концепция-мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, мамлекеттик бийлик бутактарына сунуштарды киргизгенбиз. Жыйын, форум, кеңешме, бүгүнкүдөй илимий-практикалык конференциялар да курултай форматындагы жаматташып, кеңешип иш алып баруунун үлгүлөрү. Коомдо пайда болгон көйгөйлөрдү тамырлантпай убагында туура чечүүдө элдин жаратман күчүнө, өзүн өзү жөндөө дараметине таянуу абдан маанилүү. Анан калса биздин улуттук кулк-мүнөзүбүздө жамандык-жакшылыкта баарын унутуп бир муштумдай биригип кеткен жакшы сапатыбыз бар.
Экономика багытында кереметтерди жасоо үчүн да элдин биримдиги керек. Азыр заманбап “криптовалюта- электрондук акча” түшүнүктөрү коомго батыл кирип жаткан мезгилде элдик демилгелердин арты менен экономика жаатында да зор ийгиликтерди жаратуу толук мүмкүн. “Элдик Банктын” түзүлүшү да чачылган элдик мүлктү топтоп, реалдуу секторду көтөрүүгө болгон ишенимдүү кадам боло алат.
“Кылмыштуулукка каршы күрөшүү” аталышындагы "компенейшина" эч кандай жакшы натыйжа бере элек. Сот, прокурор, милиция ж.б укук коргоочулардын сансыз армиясын кармоого кеткен каражаттын жарымын эле билим-тарбия маселесине, мугалимдердин айлыгын көбөйтүүгө, үй бүлөнүн ролун көтөрүүгө жумшаганыбызда абал жакшы жагына ыкчам өзгөрмөк. Ушул көйгөйлөрдү жөнгө салууда Курултайдын опол тоодой орду бар.
Жыйынтыктай айтканда, эгер Элдик Курултай өзүнүн ыйгарым укуктары менен коомдук-саясий башкаруу системадан ордун туура тапса, эл менен бийликтин ортосундагы ажырым жоюлат. Коррупциянын тамыры кыркылып, адилет-таза коомду курууга жол ачылат, пайдаланылбай жаткан адам ресурстары кыймылга келип, руханий-материалдык мүмкүнчүлүктөр мамлекеттик кызыкчылыкка иштей баштайт. Конституцияда жазылып турган “Эл - бийликтин ээси” - деген берене тоолук кандуу иштеп, Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркы өсүп, зоболосу көтөрүлөт! Эл ынтымак-биримдикке келип, өлкө өнүгүү жолуна түшөт, - дейт Биринчи Элдик Курултайдын Аксакалдар Кеңешинин төрагасы жана “Кыргыз жолу” коомунун негиздөөчсү К. А. Кошалиев.
Булак: NazarNews.kg