www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Перс булуңундагы жаңжалдын күчөшүнө терең тынчсыздануусун билдирип, Иран менен АКШны кол салууларды токтотуп, сүйлөшүүлөрдү кайра жандандырууга чакырды. Бул тууралуу ал X социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

Гутерриш аймактагы аскердик кагылышуулардын кайра күчөгөнүнө көңүл буруп, анын ичинде Ирандын Ормуз кысыгындагы кемелерге жасаган чабуулдарын, АКШнын Иран аймагына урган соккуларын жана коңшу өлкөлөрдөгү объектилерге болгон кол салууларды белгиледи.

БУУнун Башкы катчысынын айтымында, бардык кол салуулар токтотулушу керек. Ал толук масштабдагы согуштук аракеттердин кайра башталышы аймактын тургундары, эл аралык коопсуздук жана дүйнөлүк экономика үчүн каргашалуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

«Мен Иран менен АКШны сүйлөшүүлөрдү кечиктирбестен кайра баштоого жана калган пикир келишпестиктерди дипломатиялык жол менен жөнгө салууга чакырам», - деди Гутерриш.

Последние новости