www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев Ноокен районунда селден жабыркаган аймактарды жеринен көрүп, кырдаал менен таанышты.

Маалыматка ылайык, ал сел кирген турак жайларды жана социалдык объектилерди кыдырып, тазалоо иштеринин жүрүшүнөн кабар алды. Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына селдин кесепеттерин тез арада жоюу, тургундарга жардам көрсөтүү жана келтирилген чыгымды тактоо боюнча тапшырмалар берилди.

Белгиленгендей, 13-июлда саат 19:30 чамасында Ноокен районунда катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, 417 турак үйдүн короосун суу каптаган. Алардын ичинен 80 үйдүн ичине сел суусу кирген.

Мындан тышкары, селден 4 коомдук тамактануучу жай, 5 унаа оңдоочу жай, 2 унаа жуучу жай, 1 мечит жана 1 бала бакчанын аймагы жабыркаганы маалымдалды.

Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштерине райондук жарандык коргонуу кызматтарынан 350 кызматкер жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 101 куткаруучусу тартылган. Жалпысынан 451 адам тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Ошондой эле аймактарды сел калдыктарынан тазалоого 22 даана оор инженердик техника тартылгандыгын айтты Текебаев.

Последние новости