www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 14-июлдагы жыйынында бир катар жергиликтүү кеңеш депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдерди бекитти.

Маалыматка ылайык, чечимдер Өзгөн, Таш-Көмүр, Сокулук жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштарынын негизинде кабыл алынды.

Тактап айтканда:

  • Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Гүлнара Ураимованын (“Ынтымак” фракциясы) мандаты токтотулуп, анын ордуна Абдукаимов Анварбекке мандат берилди;
  • Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты Нурбек Жумагуловдун (“Жаңы Кыргызстан” фракциясы) ордуна Ормонов Бектурсун депутат болду;
  • Шопоков шаардык кеңешинин депутаты Чолпон Джолдошеванын (“Адилет” фракциясы) мандаты токтотулуп, бош мандат Адылбекова Айжанга өткөрүлдү;
  • Түп районундагы Каркыра айылдык кеңешинин депутаты Шаршекан Сралиеванын ордуна Өмүрбек уулу Ислам келди.

БШКнын маалыматына караганда, депутаттардын ыйгарым укуктары алардын өз арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулган. Бош калган мандаттар шайлоодо кийинки эң көп добуш алган талапкерлерге өткөрүлүп берилди.

Последние новости