www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 2026-жылдын башынан бери иш менен камсыз кылуу кызматтарынын жардамы менен 7 миң 106 жумушсуз жаран жумуш менен камсыз болду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмдөрүндө 60 миң 585 жумушсуз жана жумуш издеген жаран каттоодо турат. Алардын 34 миң 317си жаштар. Расмий жумушсуз макамын 37 миң 886 адам алган.
2026-жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына 16 миң 106 бош жумуш орду сунушталган. Учурда өлкө боюнча 8 миң 450 бош орун бар. Бош жумуш орундарынын басымдуу бөлүгүн жумушчу кесиптер түзөт.
Ошондой эле эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу максатында 3 миң 451 жаран кесиптик окутууга, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга жөнөтүлгөн. Алар ашпозчу, тигүүчү, бухгалтер, чач тарач, автоэлектрик, ширетүүчү, сантехник, косметолог жана башка талап кылынган кесиптер боюнча билим алышууда.
Мындан тышкары, акы төлөнүүчү коомдук иштерге 9 миң 669 жаран тартылып, убактылуу киреше табууга мүмкүнчүлүк алышкан.
Министрликтин маалыматы боюнча, жыл башынан бери иш менен камсыз кылуу кызматтарына 77 миң 551 жаран кайрылган. Алардын 52 миң 807си жумушка орношуу, эмгек мыйзамдары, кесиптик окутуу жана кесип тандоо боюнча кеңештерди алышкан.
Министрлик жарандарга иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кызматтар жашаган жери боюнча акысыз көрсөтүлөрүн эскертти. Алар жумушсуз катары каттоого туруп, бош жумуш орундарын тандоого жардам алып, кесиптик окуудан өтүп жана «Жаштардын стажировкасы» программасына катыша алышат.