www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинадагы кырдаалга жана Орусияга каршы санкцияларга байланыштуу Йемен, Ооганстан, Сирия жана Африкадагы бир катар өлкөлөр биринчилерден болуп ачкачылыкка кептелиши мүмкүн. Бул тууралуу "Известия" басылмасына БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунан билдирди.

Маалыматка ылайык, дүйнө жүзү колдонуп жаткан буудайдын 24 пайызын, ал эми өсүмдүк майынын 73 пайызын Орусия менен Украина экспорттойт. Учурда буларды жеткирүүлөр кечиктирилип жаткандыктан дүйнө жүзүндө тамак-аш кымбаттоодо.

"Учурда кризис дүйнө жүзү боюнча акырындык менен күч алып келе жатат. Тамак-аш, энергия булактары, жер семирткичтер кымбаттады. Бул нерсе глобалдык ачарчылыкка алып келиши мүмкүн", — деди БУУнун башчысы Антониу Гутерриш.

Жогоруда айтылган өлкөлөрдө Украина кризисине чейин эле жашоо татаал болгон. Кеп 38 өлкө жана анда жашаган 44 миллион киши тууралуу болуп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости