www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калыгул олуянын 200 жыл мурда кыргызга айткан насааты

Калыгул олуянын насааты

Батасыз калаар элиңер,

Балыксыз калаар көлүңөр.

Корголсуз калаар корооңор,

Кол сунбас жолдош-жороңор.

Ичегиң калаар ичкерип,

Ийгилик тураар кеч келип.

Санаасы бузук эл келээр,

Салт-санаа айткан тергелээр.

Жегени таза жерилээр,

Жериңди четтен кемирээр.

Учкундан мурун өрт кетээр,

Улуудан каада-салт кетээр.

Казанга салбай аш бышаар,

Кагазсыз элиң кат жазаар.

Ширеңке чакпай от жагаар,

Шилбилүү төрүң бош калаар.

Тоолоруң калаар топусуз,

Сок билек калаар сокусуз.

Үйлөрүң болоор үч кабат,

Эшигиң болоор беш кабат.

Көңүлүң өргүп тынч албас,

Өксүсөң эч ким кылчайбас.

Түбөлүк көрөөр жашоосун,

Түз жолго салбас азоосун.

Тыя албай калаар катының,

Каттабай калаар жакының.

Тең ата болоор жаш-кары,

Тебилип калаар баштагы.

Уят деп айтсаң күлүшөөр,

Улуулук наркы чүрүшөөр.

Казына башчың шум болоор.

Кагаздай аппак ун болоор.

Чегиртке басаар жериңди,

Чет жерлик табаар эбиңди.

Куюгаар журтуң адашып,

Кул-кутан бийлик талашып.

Кылычың ташка чабылаар,

Кытайлар каптап жабылаар.

Саламын айтаар ийилип,

Саадагын жонго түйүнүп.

Аралай чабаар элиңди,

Акырын бузаар тегиңди.

Алгоолоп жүрүп жол салаар,

Ары тур, десең кол салаар.

Жараксыз келип багынтаар,

Жарлыгын төшкө тагынтаар.

Жараткан Теңир кайда? - деп,

Жасалма бутка табынтаар.

Карагай-кайың кыйылаар,

Качаңкы демиң тыйылаар,

Калпагың башка кийе албай,

Кайран журт ташка сыйынаар.

Кашыкка сузган кант берээр,

Кантына кошуп дарт берээр,

Капарсыз жүргөн күнүңдө,

Карт кытай бир күн мант берээр.

Тоңдурбас кышта тон берээр,

Тонуна ороп шор берээр.

Тоо-ташың басып алганга,

Тоң кыргыз колго оң келээр.

Чочконун майын эритээр,

Чокунтпай туруп жегизээр.

Чочунбай бирге бололу,

Чогуу өскөн элбиз, дегизээр.

Кадуулап алтын табышаар,

Каймагын калпып алышаар,

Канатташ элбиз баштан деп,

Калп эле тилин жагызаар.

Кылтылдап кирээр койнуңа,

Кылтагын илээр мойнуңа.

Кызыкпа, журтум, кызыкпа,

Кытайдын кытмыр ойнуна.

Ашың жок болсо, ачка бол,

Алдыңдан изде башка жол.

Алданбай кара курсакка,

Ачылбай турган капка бол.

Кытайдын айттык баянын,

Кылыгын журтка жаямын.

Кылычсыз калбай кырылып,

Кылымдын көргүн аягын.

Кыргызым уккун ойгонуп,

Кызырдын берген аянын.

Нускоочу, ойчул акын Калыгул-олуя 1785-жылы Ысык-Көлдүн күңгөйүнүн Карой-Сарой жеринде Бай аттуу оокаттуу, төрт түлүгү түгөл адамдын үй-бүлөөсүндө туулган. 

Атасы — Бай, анын атасы — Дөөлөт (Дөөлөткул), андан жогору — Үчүкө — Сарсейит — Сүтөй — Манап деп кете берет. Байдын беш баласы: Медет, Бердиш, Бердике, Калыгул, Жигитек болгон.

Бай сарыбагыш уруусунун бийи, манабы катары айтылган учурлар кездешет. Калыгулду энеси он эки ай көтөрөт. Аркасында жалы, көзүндө калы, тилинде мөөрү менен төрөлөт. Үч-төрт жашында бир күнү жоголуп кетет, талаада жамгырда түнөп калган экен, эртеси качыр минген бир адам алып келип, бала аман болсо келечекте олуя болоорун айтып кетет.

Бул Кыдыр алей салам болсо керек деп ата-энеси түлөө берет. Калыгулду жети жашынан Ысык-Көлдө айылдык күчтүү молдого шакирт кылып беришкен. Ал кишини Сопу-ата дей турушкан.

Демек, устаты исламдын сопучулук багытын тутунган, ал багыттын көрүнүктүү өкүлдөрү болгон Кулкожо Акмат (Ахмед Йассави), Сопу Алдаяр, Жунус Эмире, Сулайман Бакыргани, Ахмед Югнаки, Букар Жырау ж.б. акындардын чыгармалары менен жаш кезинен таанышып, алардын таасиринде болгон, өзү да намазга жыгылып, эски китептерди окуганды үйрөнгөн.

Калыгул Бай уулу өз заманынын көйгөйүн элге айтып берген даанышман гана эмес, көп нерсени алдын ала көрө билген көрөгөч, олуя да болгон. Узак жылдар бою анын чыгармалары жарык көрбөй, реакциячыл адам катары эсептелип, мурастары темир сандыкка катылган.

Калыгул 1855-жылы Ысык-Көлдү бойлоп ат бастырып баратып, өлөөрүнө бир күн калганда Кара-Ойдон чий баскан бир дөңсөөлүү жерди көрсөтүп, сөөгүн ошол жерге коюуну керээз кылат.

Адыл баатырга "сөөк көмүүдө өзүң башында тур" деп айтат. Эртеси эле 70 жашында Ак-Суу тарапка жол алган олуя көздөгөн жерине жетпей Байсоорун тушта каза табат.

Айткандай эле сөөгү Кара-Ойго коюлат. Анын бейит-мазарын куруу үчүн эл катарлаша туруп, эки чакырымдай жерден – көл ичинен ылай алып чыгып, колмо-кол кылып, усталарга жеткирип, бир күндө бүтүргөн экен.

Кийин, 1991-жылы, күздө урпактарынын эсебинен ал жерге граниттен заңгыраган чоң күмбөз тургузулган. Балыкчы шаарында анын ысымы №7 орто мектепке берилген.

Балдары: Ногой, Шыгай, Күнтууган. Күнтуугандан Кененсары, Акидей, Семетей. Кененсарыдан — Усубалы (Турдакун Усубалиевдин атасы). Калыгулдун тукуму беш жүздөн ашты, көбү Кочкордун Теңдик айылында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости