www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 8-ноябрда Бишкектин Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан “Антошка” тез татым кафеси жарылып, өрттөнүп кеткен. Кырсыктан 15 адам жабыркаган, алардын жетөөсү кичинекей балдар. Ошондой эле, окуя болгон жерде кафенин бир кызматкери каза болгон.

"Антошка" кафесинин маңдайында жайгашкан "Ала-Тоо" кинотеатрынын аты-жөнү жашыруун болуусун каалаган кызматкери NazarNews.kg агенттигинин кабарчысы, Дилде Шатановага көргөндөрүн төмөнкүчө айтып берди:

"Мен кечээ жумушта болчумун, түштөрдө болжол менен саат 13:45 чамасында катуу үн чыкканынан эшикке чыктым. Бир топ киши чогулуп эле дуу болуп калышты, анан милиция кызматкерлери жүрүшкөн экен, алар дароо жардам бере башташты. Кафенин ичиндеги отурган элдин баары эшикке чыкты. Жарылуу 3 жолу болду. Мен так айта албайм, болжол менен 15ке чукул күйгөн адамды чыгарышты окшойт. Бир адам каза болуптур. Андан кийин өрт өчүрүүчүлөр келишти, алар жарым саат дегенде араң өчүрүштү. Ал эми “Тез жардам” кызматкерлери болсо жарым саат кечигип келишти”, -дейт окуянын күбөсү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости