www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эсиңиздерде болсо «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотонов август айынын соңунда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен “Маевскийдин иши” боюнча үй камагына чыгарылган.

Андан кийин Өмүрбек мырза далай жерге барды. Аттуу-баштуулардын төрүндө конок болду. Айрым чиновниктердин тоюнда дагы жүрдү. Боштондукка чыгышы менен түлөө дагы берди. Кыскасы, “чартаңбай тепти”. Албетте, “Маевскийдин иши” башынан эле бир топ күмөн жагдайларды жараткан. Ал иш менен камалып кетсе сот бийлигине дагы бир ирет сокку болмок.

Эми аны чыныгы, 100 пайыздуу иш, мындайча айтканда, “с чистой совестью” камаганы турушат деп эшиттик. Ал кайсыл иш? Ал 2010-жылдагы апрель окуясындагы “мародерлук иши” боюнча экендигин ишенимдүү булактар кулак кагыш кылды.  Ал үчүн учурда мыкты тергөөчүлөр иш алып барып, бардык тиешелүү кагаз-сагаздарды оңторуп жатышыптыр. Ошентип, Өмүрбек мырза бекер эле түлөө өткөргөнбү деп турабыз...

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости