www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-мартта Польшанын президенти Анжей Дуда Би-Би-Сиге маек берип жатып Орусия химиялык курал колдонсо, согуштун эрежелери өзгөрөрүн эскертип, НАТО аны көз жаздымда калтырбай турганын айтты.

Белгилей кетсек, буга чейин НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусия тараптан химиялык курал колдонулушу ыктымал экендигин эскерткен. Анын айтымында, Москванын «Украинада химиялык жана биологиялык лабораториялар иштеп жатат» деген билдирүүсүн Орусиянын өзүнүн ошондой куралды колдонууну актаган аракети катары сыпаттоого болот.

Польшанын президенти да Орусия мындай кадамга барышы ыктымал деп эсептейт.

«Сиздер менден Путин химиялык курал колдонушу мүмкүнбү деп сурап жатасыздар. Менимче азыр Путин колунда болгон куралдарынын баарын колдонушу мүмкүн, себеби ал азыр кыйын кырдаалда калды. Саясий көз караштан алып караганда, ал бул согушта утулду. Аскердик көз караштан да ал утуп жаткандай көрүнбөйт.

Эгер Путин массалык кыргын салуучу куралды колдонсо, анда согуш эрежелери өзгөрөт. Анда АКШ баштаган НАТОнун лидерлери чогулуп, андан аркы аракеттерин ойлонуштурууга мажбур болушат. Себеби, анда коопдуу кырдаал жаралат. Жалгыз гана Европа үчүн эмес, же биздин чөлкөмгө эмес, бүт дүйнөгө» , - деди Анжей Дуда.

Буга чейин Москва Украинада Пентагондун (АКШнын Коргоо министрлиги) жетекчилиги менен канаттуулар жана жарганаттар жайылта турган бактериологиялык курал жасалуучу атайын лабораториялар иштеп жатканын айткан.

Бириккен Улуттар Уюмунун куралсыздандыруу боюнча өкүлү Исуми Накамицу андай маалыматы жок экенин билдирген.

Эске салсак, Орусия Украинадагы операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» экендигин айткан. Бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.

Орусиянын Коргоо министрлиги Куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости