www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустун аймагында атайын операция иштелип жатат, анын жүрүшүндө беларус аскерлери Украинага басып кирүүсү үчүн Россия Федерациясынын формасын кийиши керек. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Алексей Данилов билдирди.

«Бүгүнкү күндө Беларустун аймагында Россия Федерациясынын атайын операциясы иштелип жатат. Алар Россия Федерациясынын формасын беларус аскерлерин кийгизүүнү каалап жатышат. Кээ бир беларустар биздин өлкөгө каршы согушуудан баш тартышууда. Бирок, атайын кызматтын өкүлдөрү «алар биздин аймакка кирүүсү мүмкүн» деген жүйө менен аскерлерди РФдин формасын кийүүгө үндөп жатат», - деди ал.

Данилов белгилегендей, беларустар да «орустар менен чечендер буга чейин эле жооп кылгандай» мамиле жасайт.

Эске салсак, Орусия Украинадагы операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» экендигин айткан. Бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген. Орусиянын Коргоо министрлиги Куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости