www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

15-майда Өзбекстандын Анжиян облусунда жүздөгөн адам бал муздакка ууланып, ооруканага кайрылышты.

Анжиян облусунун саламаттыкты сактоо башкармалыгынан кеминде 300 адам ууланганын билдиришти. Жергиликтүү жашоочулар алардын саны 600гө жетерин айтышууда. Шаар акимчилиги уулангандардын «колдо жасалган бал муздак» жегенин билдирди. Маалыматка караганда, шейшемби түштөн кийин шаардагы интенсивдүү терапия бөлүмүнө 182 киши жаткырылган.

Облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгы уулануудан улам бир канча кишинин өлгөндүгү тууралуу айтылып жаткан маалыматтарды четке какты.

Шаарга өлкөнүн саламаттыкты сактоо министринин жана башкы мамлекеттик санитардык врачтын орун басарлары башында турган дарылер тобу барышты. Жергиликтүү акимчиликтен шаардагы бардык балмуздак саткан жайлар текшерилип жатканын билдиришти.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости