www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт жаңырды... Бирок, дээрлиги баягы эле жүздөр. Маселен, Эмгек жана социаддык өнүктүрүү миннстри Таалайкүл Исакунова жаны министрлердин курамы менен кайрадан министр катары ордунда калды. Таалайкүл айым боюнча канчалаган терс пикирлер айтылса дагы кылы кыйшайбаган неме экен «Деги бул айым ким деп кызыгып керөлүчү?»-десек эле 2015-жылкы парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен депутат болуп келип, кийин министрликке секирген экен. Өзу аткаруу бийлигинде дегеле иштеп тажрыйба топтогон эмес. Кадимки алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримовдун бир тууган кайнежеси. Эми түшүнүп жатасыңар да ээ.

Бирок, ушул Исакунова министр болуп келгени социалдык жагыбыздын төрүнен күн чыгып кетпеди го. Эмгек деген эрмешкен атына жараша бул министрлик эмне эмгек кылганын айта алат? Эмгек менен социалдык жактая өнүктүргүсү келип аткан бул айым карапайым эл жумушсуздуктан арыла албай, анын кесепетинен ссоциалдык-көйгөйлөр күч алып, аягы барып үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка, аракка берилүүгө, ажырашууга, yypу кылууга, каракчылык-тоноочулук кылууга, акыры жетпегеи турмуштун айынан адамдар өзүнөн чыгып кетип карачечекей балдарынын башьша жедим баштык кййгизип туруп, «ушул кыйын турмушта жашабай эле койсунчу» -деп өлтуруп салууга чейин барып атканын айтабы? Же министр айым мындай жылаңач фактыларды да танып, жыргатып атам дейби?

Дегеле ааламда коомдун сопиалдык катмары деградацияга тушукса мамлекет мамлекет болуудан ажыраары министр айымдын акылына келди бекен? Акылына келсе ар ирмем сайын оорлоп бара жаткан социалдык абалды ондоо үчүн жандуу жана реалдуу иш чараларды жасап, батыл кадамдарга барат эле го. Аты бар, заты жок эмедей эле жүрө бербей. Же бул министрликтегилердин баары «декреттик отпускага» чыгып кетишкенби? Бул жагын ойлонбойлубу?

Булак: "Де факто"

Последние новости