www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки полиция кызматкери жерден тирүүлөй көмүлгөн наристенин добушун угуп куткарып калганын The Mirror жазып чыкты.

Окуя Бразиляда болуп өткөн. 15 жаштагы өспүрүм кыз боюнда болуп калып,үй шартында чоң апасынын жардамы менен көз жарат. Бирок, кыз жуунучу бөлмөдө көз жаргандыктан баласы башы менен ваннага кулап кеткен. Андан кийин баладан үн чыкпагандыктан кыздын чоң энеси бала өлүп калды деп материалга ороп көмүп койгон. 

Бала көмүлгөн жерге жакын кетип бара жаткан эки полиция кызматкери жердин алдынан кандайдыр бир добуш чыгып жатканын байкап калат. Добуш чыккан жерди колдору менен тытып ачып көргөн соң көргөн көздөрүнө ишенбей, ак халатчандарды чакырып кичинекей наристени аман алып калышкан.

Наристенин апасы полиция кызматкерлерине сурак берип жатканда 8 саттан ашык ымыркай жер алдында жатып калганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости