www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Apple компаниясынын башкы директору Тим Кук кызматкерлерин келээрки жылы кеңседе иштей башташат деп үмүттөнөт. Азыр корпорациянын 90%га жакын кызматкерлери аралыктан иштешет. Бул туурасында  РИА Новости жазды.

Тим Кук кызматкерлердин көпчүлүгү жумушка кайтып келүүнү күтүп жатышкандыгына ишеним билдирди. Азыр кеңсеге кызматкерлердин 10-15% келип жатышат.

Компаниянын башчысы оффлайн режимине кайтуу кийинки жылы болот деп сунуштады. Apple компаниясынын жумушчулары  ушул жылдын март айынан баштап, коронавирус пандемиясына байланыштуу аралыктан иштөөгө өтүшкөн.

Август айында Microsoft өзүнүн АКШлык кызматкерлери үчүн аралыктан иштөө мүмкүнчүлүгүн 2020-жылдын аягына чейин узартканы белгилүү болду. Ал эми Google компаниясы кызматкерлерин жок дегенде 2021-жылдын июль айына чейин аралыктан иштей алышарын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости