www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус-казак мамлекеттик чек арасында 3200дөн ашуун кыргыз жарандары бар. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы уабарлады.

Анын айтымында, жакынкы аралыкта чек арада калган кыргызстандыктар үчүн жашыл коридор уюштуруу пландалууда.

“Казакстан тарапка автобустар менен уюштурулган транзит үчүн Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик коридорду берүү өтүнүчү менен кайрылуу жөнөтүлдү. Бул маселе боюнча Казакстан тараптан жооп күтүлүүдө” – деп айтылат маалыматта.

Элчилик ошондой эле, Оренбург облусунун жана Башкортостандын жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте Кыргызстандын жарандарына шарт түзүү боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи.

“Россия тарап кыргызстандыктарды жатаканаларда, балдар лагерлеринин аймактарында жайгаштырып, бекер камсыздап, чатыр лагерин түздү. Айрым жарандар мейманканаларга жана жатаканаларга жайгашышкан. Аларга акысыз тамак берилет. Мекендештерди мекенине жөнөтүү үчүн жеке транспорттук компаниялар менен автобустарды камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат” – деп айтылат билдирүүдө.

Элчилик Казакстандын чек арасы жабык экенин белгилеп, жарандарды орус-казак чек арасына баруудан алыс болууга чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости