Президенттин коронавирус дартына чалдыгып калуу мүмкүнчүлүгү канча?
Кыска-нуска  |   |  1390

Ашына Өзбекстандын биз менен чек арасынын узундугу 1378 чакырым, азырынча толугу менен такталып бүтө элек. Коронавирус дарты биз сыяктуу Өзбекстанды да аралап жүрөт. Авторитардык бийлик өкүм сүргөндүктөн  атайын видео тартышкан. Бул видеодо бизге окшоп таскакташпай,  34 миллион калкы бар Өзбекстандын айыл-шаарларында жан киши көрүнбөйт. Бирок,  Өзбекстандын вице премьер-министри Уктам Барноев коронавирус инфекциясынан улам каза болду.  Маркум Уктам Барноев 56 жашта болчу. Ага COVID-19 диагнозу июль айында коюлган. Ал буга чейин Өзбекстандагы "Акфа Медлайн" менчик клиникасында дарыланып, кийинчерээк дарылануусун Германияда уланткан. Президент Мирзиеёвдун айлана-тегерегиндеги вице-премьер коронавирустан көзү өткөнү бул дарт авторитардык режимди деле уруп ойнобосун айгинелеп турат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями