www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ “кытайлык тыңчысын” колго түшүрдү

АКШнын Нью-Йорк шаарындагы полиция кызматкерине "Кытайдын тыңчысы" деген айып менен иш козголду. Бул тууралуу milliyet.com.tr жазган.

Федералдык прокуратура тарабынан даярдалган арызда Нью-Йорк Полиция департаментинде (NYPD) кызмат өтөгөн Баймадажие Ангвангдын шаарда жашаган тибеттиктер жөнүндө Кытай элчилигинин өкүлдөрүнө маалымат жеткиргени айтылды.

Муну менен катар, Queens аймагында иш аркалаган Ангвангдын кызматтык абалды туура эмес жакка колдонуп “мыйзамдан тышкаркы тыңчы” сымал тибеттиктердин иш-аракети тууралуу Кытайдын өкүлдөрүнө маалымат жиберип турганы жазылган.

Шектүүгө алдамчылык жана жалган маалымат таратуучу деген айыптар коюулары белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости