www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ: Ала качуу фактысын көрсөңөр чалгыла!

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кыз ала качкан жана никеге мажбурлап тургузган учурларга күбө болгондорго кайрылып, мындай фактыларды жашырбай чалып айтууну өтүндү.

Кайрылууда, министрлик кыз ала качууга бир дагы адам кайдыгер мамиле жасабаш керектигин айткан.

"Биз мындай кылмыш иштеринин болушуна жол берүүгө укугубуз жок. Баарыбыз чогулуп кырдаалдан чыгып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз зарыл", — деп айтылат билдирмеде.

Ошондой эле министрлик эгер ушундай фактылар катталса, "102" номерине чалып коюну өтүнүп, ата-энелерди "балдарынын тагдырын талкалабоого" чакырды.

ИИМ эскерткен кылмыштар жана алардын жазалары:

  • КР Кылмыш кодексинин 175-беренеси "Адамдын эркине каршы никеге туруу үчүн уурдоо" — 10 жылга эркинен ажырайт;
  • КР Кылмыш кодексинин 176-беренеси "Иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо" — 5 жылга эркинен ажырайт;
  • КР Кылмыш кодексинин 177-беренеси "Адамды никеге турууга мажбурлоо" — 2,5 жылга эркинен ажырайт;
  • КР Кылмыш кодексинин 177-беренеси "Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу" — 5 жылга эркинен ажырайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости